Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Берилген тапшырмалар кечиктирилбей аткаралышы керек. Ар бир мекеменин жана андагы эмгектенген ар бир кызматкердин аткарган жумушу бүтүндөй мэриянын ишине таасир этет

By Administrator  Опубликовано 07.03.2022

Милдеттерди так аткаруу талабы күчөтүлүүдө.

«Берилген тапшырмалар кечиктирилбей аткаралышы керек. Ар бир мекеменин жана андагы эмгектенген ар бир кызматкердин аткарган жумушу бүтүндөй мэриянын ишине таасир этет». Мындай пикирин бүгүн 7-мартта Талас шаардык мэриясынын ар Дүйшөмбү сайын өтүлүүчү жыйында мэр Аскар Шабданов билдирип, шаардык мэриядан каржыланган мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана кызматкерлерине эскертти.

 


Ошондой эле шаар аймагындагы курулуштардын жүрүшү боюнча тиешелүү жетекчилерден сурап, акыркы маалыматтардан кабар алды. Муниципалдык менчик башкаруу мекемесине лотторду ачык жүргүзүү боюнча тапшырма берди .
Мындан тышкары калктын эң аярлуу катмарына курула турган «Социалдык шаарча» тууралуу сөз болду.

 

Жумушсуздукту жоюу боюнча дагы аткарылып жаткан иштер каралып, шаардагы Ботаникалык бакчаны башка аймакка көчүрүп, ордуна 1000 орундуу кийим тигүүчү ишкананы курулушун баштоо зарылдыгы эскертилди. Быйылкы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулушу эскертилип, Талас шаарына тиешелүү болгон токой аянттарын, коруктарды ирээтке келтирүү боюнча комиссия түзүү жана жалпы мекеме уюмдарды ишембиликке активдүү катышуусу талап кылынды.
Жыйында Газпром спорт комплекси боюнча да маселелер каралды. Ошондой эле шаар ичиндеги жолдорду , көпүрөлөрдү оңдоо, көчөлөрдүн жээгин бекемдөө, жасалган жумуш ордуларын ирээтке келтирип, тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйындын жыйынтыгында мэр Аскар Шабданов орчунду маселелерди биринчи кезекте чечүү үчүн сессия өткөндөн кийин кайрылбай, ага чейин кабарлап, шаардык кеңешке сунуштап алып чыгууну эскертти.


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов айымдарды эртеңки 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Предыдущая запись
Кыргызской Республике начата реализация Проекта, финансируемого Всемирным Банком и Азиатским Банком инфраструктурных инвестиций.
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg