Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU

№93/13-8 ТОКТОМУ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы

кезексиз XIII сессиясынын

№93/13-8 ТОКТОМУ

12-июль, 2022-жыл                                                                                  Талас шаары                                                                                                                            

      Талас  шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке     келтирүүнү караган  “Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү  үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун  бекитүү жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын  34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык мэриясынын 08.07.2022-жылдагы №01-21/1969  чыгыш сандуу сунушунун  негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ”Регламент, депутаттык  этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын   №7 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин  сессиясы                                                     

 

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Талас шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган  “Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу  тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул бекитилген жобонун негизинде, Талас шаарында каада-салттарды, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды  тартипке келтирүү боюнча  калк арасында түшүндүрүү иш аракеттерин жүргүзүү жагы Талас шаарынын вице мэрине (М.Сейдикеримова)  милдеттендирилсин.
  3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына,  Талас шаардык 

          “Жаңы  багыт” газетасына жарыялоо    жана  Кыргыз Республикасынын укуктук     

           ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө 

           алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына

           (А.Сариева) милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы  Депутаттардын Талас  

            шаардык    кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби,

           жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык

           маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу

           комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова ) тапшырылсын.

 

    Төрага                                                                                           А.Жусупбеков

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg