Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

АК ХАЛАТЧАНДАРГА ТААЗИМ! Талас шаарындагы медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

By Administrator  Опубликовано 07.07.2022

6-июль күнү, Талас шаарындагы медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Салтанаттуу иш-чара А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде өттү. Иш-чарага Талас шаардык мэриясы жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты. Алгач , облус башчысынын орун басары Кыял Жанузакова сөз сүйлөп, жалпы ак халатчандарды кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Ошондой Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Роза Исаковадагы сөз сүйлөп, медицина кызматкерлеринин түмөн түйшүктүү кесибин баса белгилип, терең таазим кылды. Мындан тышкары эл өкүлдөрү Марат Мураталиев жана Дастан Жумабеков дарыгерлерди куттуктап, өзгөчө пандемия убагындагы Таластык ак халатчандардын күжүрмөн эмгегин эске салып, калк саламаттыгына кам көргөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдиришти. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин, сыйлоо аземи болду. Жыл ичиндеги күжүрмөн эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар облустун , анын ичинде Талас шаарынын ак халатчандары КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн, Талас шаардык мэриясынын жана Талас шаардык кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле акчалай сыйлыктар да тапшырылды.
Өз кезегинде Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Айжамал Шамбетова сөз сүйлөп, жалпы жетекчилерге, эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, жалпы кесиптештерин кесиптик майрамдары менен дагы бир ирет куттуктады. Эскерте кетсек, медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы 3-июлда белгиленет. Сыйлоо аземи бүгүнкү 6-июлга туш келди.


Оставить отзыв Отменить ответ

Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.

23-июнь «Мамлекеттик жана муниципалдык" кызматкерлердин күнү
Предыдущая запись
Кулактандыруу! Талас шаарындагы жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн комиссияга арыз менен кайрылууну сунуш кылат.
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg