Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Кулактандыруу! Талас шаарындагы жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн комиссияга арыз менен кайрылууну сунуш кылат.

By Administrator  Опубликовано 07.07.2022

Талас шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун” 9-пунктунун негизинде, 2022-жылдын 6-июль №207 Б буйрук кабыл алып, жер мунапысын жүргүзүү үчүн комиссия түздү. Талас шаарындагы жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн комиссияга арыз менен кайрылууну сунуш кылат.

Арызга жер мунапысынын объектисинин багытына ылайык төмөнкү документтер тиркелет:

– жеке жак үчүн – арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

– жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– өкүлдөрдүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;

– объектини сатып алуу фактысын ырастаган документтер (болсо) (жер мунапысынын объектисин сатып алуу фактысын ырастаган документтер же тиешелүү тил каттар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, жер салыгы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, ишеним каттар жана жер мунапысынын объектилерине тиешеси бар башка документтер);

– “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которуу (трансформациялоо) жөнүндө тиешелүү чечимдер кабыл алынган жерлердин башка түрлөрүн кошпогондо, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары укук мураскерлери болуп саналган органдардын сугат айдоо жерлерин жеке турак жай курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдери;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүштүрүүнүн натыйжасында “айыл чарбалык” максаттуу багыттагы жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар.

Баардык иш кагаздарды тиркөө менен Талас шаарынын мэриясындагы “Жер мунапысын жүргүзүү” комиссиясына арыз менен кайрылууну сунуш кылат.

 

Комиссиянын төрайымы

вице мэр                                                                                                      М.Сейдикеримова


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

АК ХАЛАТЧАНДАРГА ТААЗИМ! Талас шаарындагы медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
Предыдущая запись
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg