Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс жөнүндө кулактарндыруу

By Administrator  Опубликовано 08.04.2022

КУЛАКТАНДЫРУУ

  1. Кулактандыруу чыккан күн: 2022-жылдын 30-марты.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы Талас шаарынын мэриясы.
  3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү: 30 — ноябрь 2022- жылга чейин.
  4. Конкурска катышууга конкурстук өтүнмөнү берүү үчүн зарыл документтер:

1) кулактандыруунун 1-тиркемесине ылайык жазылган арыз.

2) паспорттун көчүрмөсү (жеке жактар үчүн), юридикалык жак катары каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

3) кулактандыруунун 2-тиркемесине ылайык жазылган сунуш (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшү) жана кулактандыруунун 3-тиркемесине ылайык жазылган бюджет.

Сунушка (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшүнө) төмөнкүлөр тиркелет: милдеттенме каттар, чыгымдарды тастыктаган, конкурстун катышуучусунда ресурстар бар болгонун ырастаган финансылык жана башка документтер (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша), эгерде зарыл болсо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон продукттарды, анын жыйынтыктарын жана объекттерди андан ары эксплуатациялоонун жана башкаруунун планы.

  1. Конкурс жарыяланган жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү демилгелер:
  • шаардын ички жолдорун оңдоп-түздөө;
  • калктуу конуштарда саркынды суу кабыл алуучу түйүндүн, тазалоочу курулмалардын -иштөөсүн камсыз кылуу;
  • парктардын, спорт объекттеринин, эс алуу жайларынын иштөөсүн камсыз кылуу, эс алуу убактысын уюштуруу шарттарын түзүү;
  • жергиликтүү маанидеги китепканалардын иштөөсүнуюштуруу жана камсыз кылуу;
  • коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;
  • элдик көркөм өнөрчүлүктүн өнүгүүсүнө шарт түзүү;
  • жаштар, өспүрүмдөр менен иш алып барууну уюштуруу жана ишке ашыруу;
  • дене тарбия, массалык спорттун өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү;
  • өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында көмөк көрсөтүү;
  • мыйзам чегинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу;
  1. Конкурс өтчү убактысы, орду жана тартиби:

Убактысы: 26-апрель 2022-жыл.

Орду: Талас шаарынын мэриясы

Конкурс Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы №74/10-8 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрүлүп жатат. Аталган Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылган (сайт болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына жайгаштырылат).

  1. Кулактандыруунун 4-тиркемесине ылайык долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери.
  2. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөтү: 29-апрель 2022-жыл.
  3. Бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттын максималдуу суммасы (эгерде сумма белгиленсе жазылат); 100 000 сомго чейин
  4. Конкурска катышуу үчүн формаларды алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын дареги: Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 18
  5. Маалымат же түшүндүрмө сурап кайрылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу адамы менен байланышуу жолдору (фамилиясы, аты, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги):

Батырбеков Марат, 0703377373, maratfon87@gmail.com

Токтосунова Салтанат, 0703883626, saltanat.toktosunova2017@gmail.com

  1. Конкурстун шарттарын түшүндүрүп берүү өтүнмөлөрүн жиберип, жооп алуу үчүн мөөнөт: 01.04.2022-25.04.2022
  2. Конкурска катышууга документтерди жиберүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почта дареги: 724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы №18

 

  1. Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

Күнү: 25.04.2022-ж.

Убактысы: 09:00-17:00 гө чейин

  1. 15. Конкурстук өтүнмөлөр конкурстун катышуучуларына тизме боюнча берилет, ага конкурстун катышуучулары кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек (юридикалык жактар үчүн).
  2. Конкурстук өтүнмөлөр үчүн формалар (кулактандыруунун тиркемелери) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылышы керек (сайт болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына жайгаштырылат) жана кызыкдар тараптардын суроо-талабы менен берилет.
  3. Конкурстун катышуучусу конкурстук өтүнмөлөрдү комиссияга мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү жолдордун бири менен берсе болот:

1) чапталган конверттин ичине салып, кагаз түрүндө жеке өзү алып барат, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почтасына жиберет;

2) PDF форматында сканерден өткөрүлгөн түрүндө электрондук почта аркылуу жиберет же конкурстун шарттарында ушундай мүмкүнчүлүк каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жиберет.

Толук маалыматты тиркеме (ссылка) аркылуу өтүп алыңыз.

Ссылка: Кулактандыруу жергиликтүү демилге


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

ЖАРЫЯ! “Жердин укугун берүү боюнча” коомдук угуу
Предыдущая запись
"Бакубат-Талас" фонду Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө кызматтык автоунаа белек кылды!
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg