Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Саркынды жана таза суунун тарифин көтөрүүгө кандай карайсыз?

By Administrator  Опубликовано 10.03.2022

Жакынкы айларда Талас шаарында таза суу жана саркынды суунун тарифи көтөрүлөт. Бирок акыркы чечимди шаардык кенештин депутаттары жана шаар тургундары кабыл алышат. Андыктан шаар бийлиги эӊ ириде жергиликтуу жашоочулардын  пикирин сурап-билгени атайын коомдук угууларды өткөрүп, түшүндүрүү  иштерин жүргүзүп башташты.

ТӨЛӨМ ӨЗГӨРБӨГӨН 7 ЖЫЛ

Талас шаарында 7 жылдан бери таза сууга болгон төлөм өзгөргөй бир баада сакталып келген. Сууга кошулган абоненттердин саны көбөйгөндүгүнөн Таза суу ишканасынын материалдык техникалык базасын чындоо , насостук станцияны тейлөө жана башка жумуштарды алып барууда айрым кыйынчылыктар жарала баштады.   “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын башкы инженери Адилет Токторбаевдин айтымында 1 куб таза суунун тарифин  1 сом 94 тыйынга , ал эми саркынды суунун төлөмүн 1 сом 82 тыйынга көтөрү зарыл.

 

СУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР ОРНОТУЛАТ

Европа Өнүктүрүү  банкынын (ЕБР) колдоосу менен Талас шаарында ишке ашып жаткан долбоор аркылуу 6000 даана суу эсептегич орнотулуп жатат. Мындай кадам сууну үнөмдүү пайдаланууга  үйрөтөт.

 

Жогоруда аталган көйгөйлөрдү ортого салып, элдин пикирин сурап-билүү максатында кечээ Талас шаарында коомдук угуу өткөрүлдү.  Бирок шаар тургундары аз келип, толук кандуу талкуу болгон жок. Мындан улам тарифтерди көтөрүү боюнча дагы бир нече жолу шаар ичинде тургундарга  түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анан барып шаардык кеӊештин депутаттарынын сессиясына сунушталат.


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

Талас шаарында жол коопсуздугу күчөтүлөт.
Предыдущая запись
Талас шаардык мэриясында социалдык маселелерин кароо жана чечүү боюнча ачык эшиктер күнү болду.
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg