Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Талас шаарында  Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

By Administrator  Опубликовано 09.05.2022

Бүгүн 9-майда Улуу Жениш майрамын белгилөө алгач “Өчпөс” отту жандыруу менен башталды.  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков , Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, вице-мэр Мира Сейдикеримова,  “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнүн уюштуруучусу Асыла Мамбеталиева  Москва шаарынан алынып келген “Эскерүү отун” Талас шаарындагы сейил бактагы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгынын урматына жана Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке алып барып, андагы “Өчпөс отту” тутандырышты. Андан кийин 1000ге чейин адам катышты. Өлбөс полк жүрүшүндө катышуучулар Талас шаарынын кире беришиндеги Аркадан баштап, борбордук аянтка жакын жайгашкан сейил бакка чейин Бердике-Баатыр көчөсү менен түз барышты. Жалпы жолунан аралыгы 3 км 200 метр жолду жөө басып өтүштү. Андан соң “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Араке Арстанбеков жана Александр Филкиндин катышуусунда митинг-реквием өтүп, гүлчамбарлар коюлду. Асманга залп атылып, куран түшүрүлүп, курман болгон жоокерлер эскерилди.

 

Ошондой эле бул күнү ардагерлер  Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата, маданияттын мыкты кызматкери  Алтынай Коробаеванын  «Жеңиш үнү» аттуу  театрлаштырылган “Аталарга таазим” аттуу концертине катышты.

Бүгүнкү күндө Талас облусунда 3 гана ардагер калды.  Алардын Кудаке Молдалиев , Александр Филкин жана  Араке Арстанбеков . Белгилей кетсек, быйыл Улуу Жениш майрамына 77 жыл болду.

 


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

Орозо айында "Альянс Алтын" компаниясы азык-түлүк таратты
Предыдущая запись
Тала шаарында “Дени сак аймак-жакшы жашоо үчүн” аталышындагы “Веложарыш” өттү.
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg