Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ! 11-классты 394, 9-классты 764 окуучу аяктады

By Administrator  Опубликовано 15.06.2022

9-июнь күнү акыркы коӊгуроо кагылды. Салатанаттуу иш-чарага Талас шаарындагы мектеп, лицейлер активдүү катышты. Окуу жылын жыйынтыктаган иш-чарада 2021-2022-жылда жетишкен ийгиликтери үчүн окуучулар жана мугалимдер сыйланды. Жалпы 9 орто мектептен жана чет тилдер багытындагы лицейден 11-классты 394, 9-классты 764 окуучу аяктады. Акыркы коӊгуроо салтанатындагы коопсуздукту  Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери камсыздап, көзөмөл жүргүзүштү.  Эми алдыда бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамандерди тапшырат. Жалпы окуучуларга ийгилик жана бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайбыз!

Талас шаарынын мэриясы мектеп-лицейлердин окуучуларын жана мугалимдерин акыркы коӊгуроо салтанаты менен куттуктады. Шаар бийлигинин өкүлдөрү жалпы окуучулардын жана мугалимдердин  билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин белгиледи. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө алдыда мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып, ЖРТдан жакшы балл алып өздөрү каалаган ЖОЖго өтүүсүн каалады. Мындан тышкары бул күнү депутаттардын Талас шаардык кеңешинин предметтик олимпиаданын облустук жана республикалык турунда мыкты ийгилик жараткан Талас шаарынын окуучуларына жана алардын мугалимдерине 1000-4000 сомго чейинки атайын акчалай сыйлыктары  тапшырылды. Сертификаттарды тапшыруу аземине Талас шаардык кеӊешинин төрагасы, депутаттар жана Талас шаарынын вице-мэри,  аппарат жетекчиси катышты.


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

ТАЛАСТА БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Предыдущая запись
Түрк дүнүйөсү муниципалитеттер бирлигинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эл аралык конференциясы Турциянын Бурса шаарында өттү.
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg