Бүгүн Талас шаарында жол коопсуздугун күчөтүү боюнча жыйын өттү. Жыйынга Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков , Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов , МАИ кызматкерлери жана автомектептердин директорлору катышты.
Байыш Ашырбековдун айтымында , мындан ары МАИ кызматкерлери Талас шаарында автомектептердин айдоочулукту үйрөткөн шарттарын текшеришет. Талапка жооп бербесе лицензиясы артка кайтырылып, автомектептин жабылат.
Жыйында жол кырсыктарын алдын алууга жергиликтуу бийлик дагы милдеттүү экендиги эскертилди. Бул максатта мэр Аскар Шабданов 2021-жылда Талас шаарында бир катар жолдор оӊдолгонун, ошондой эле кооптуу жерлерге жол чырактар коюлгандыгын жана бул иштер дагы улаанарын билдирди. Мындан тышкары Аскар Шабданов Талас шаарына 2 кызматкер аздык кыларын эскертип, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматкерлердин штат маселесин чечүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал эми мугалимдер жана дарыгерлер Талас шаарындагы мектеп менен ооруканалардын жанында айрым жол белгилердин жоктугун эскертишти. Бул боюнча тыгыз иш аып барууну Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков жергиликтүү МАИ кызматкерлерине тапшырма кылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдиришкендей, өткөн жылдын 12 айында Талас шаарынын аймагында 39 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон. Быйылкы жылдын 2 айында дагы 2 жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алган.
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845