Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

КУЛАКТАНДЫРУУ!!! Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс жөнүндө

By Administrator  Опубликовано 10.08.2022

Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс жөнүндө

                                                               КУЛАКТАНДЫРУУ!

  1. Кулактандыруу чыккан күн: 2022-жылдын 10-августу.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы Талас шаарынын мэриясы.
  3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү: 20-сентярь 2022- жылга чейин.
  4. Конкурска катышууга конкурстук өтүнмөнү берүү үчүн зарыл документтер:

1) кулактандыруунун 1-тиркемесине ылайык жазылган арыз.

2) паспорттун көчүрмөсү (жеке жактар үчүн), юридикалык жак катары каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

3) кулактандыруунун 2-тиркемесине ылайык жазылган сунуш (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшү) жана кулактандыруунун 3-тиркемесине ылайык жазылган бюджет.

Сунушка (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшүнө) төмөнкүлөр тиркелет: милдеттенме каттар, чыгымдарды тастыктаган, конкурстун катышуучусунда ресурстар бар болгонун ырастаган финансылык жана башка документтер (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша), эгерде зарыл болсо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон продукттарды, анын жыйынтыктарын жана объекттерди андан ары эксплуатациялоонун жана башкаруунун планы.

  1. Конкурс жарыяланган жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү демилгелер:
  • шаардын ички жолдорун оңдоп-түздөө;
  • калктуу конуштарда саркынды суу кабыл алуучу түйүндүн, тазалоочу курулмалардын -иштөөсүн камсыз кылуу;
  • парктардын, спорт объекттеринин, эс алуу жайларынын иштөөсүн камсыз кылуу, эс алуу убактысын уюштуруу шарттарын түзүү;
  • жергиликтүү маанидеги китепканалардын иштөөсүнуюштуруу жана камсыз кылуу;
  • коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;
  • элдик көркөм өнөрчүлүктүн өнүгүүсүнө шарт түзүү;
  • жаштар, өспүрүмдөр менен иш алып барууну уюштуруу жана ишке ашыруу;
  • дене тарбия, массалык спорттун өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү;
  • өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында көмөк көрсөтүү;
  • мыйзам чегинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу;
  1. Конкурс өтчү убактысы, орду жана тартиби:

Убактысы: 15-август 2022-жыл.

Орду: Талас шаарынын мэриясы

Конкурс Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы №74/10-8 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрүлүп жатат. Аталган Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылган (сайт болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына жайгаштырылат).

  1. Кулактандыруунун 4-тиркемесине ылайык долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери.
  2. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөтү: 17-август 2022-жыл.
  3. Бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттын максималдуу суммасы (эгерде сумма белгиленсе жазылат); 400 000 сомго чейин
  4. Конкурска катышуу үчүн формаларды алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын дареги: Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 18
  5. Маалымат же түшүндүрмө сурап кайрылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу адамы менен байланышуу жолдору (фамилиясы, аты, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги):

Токтосунова Салтанат, 0703883626, saltanat.toktosunova2017@gmail.com

  1. Конкурстун шарттарын түшүндүрүп берүү өтүнмөлөрүн жиберип, жооп алуу үчүн мөөнөт: 10.08.2022-14.08.2022
  2. Конкурска катышууга документтерди жиберүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почта дареги: 724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы №18

  1. Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

Күнү: 14.08.2022-ж.

Убактысы: 09:00-17:00 гө чейин

  1. 15. Конкурстук өтүнмөлөр конкурстун катышуучуларына тизме боюнча берилет, ага конкурстун катышуучулары кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек (юридикалык жактар үчүн).
  2. Конкурстук өтүнмөлөр үчүн формалар (кулактандыруунун тиркемелери) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылышы керек (сайт болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына жайгаштырылат) жана кызыкдар тараптардын суроо-талабы менен берилет.
  3. Конкурстун катышуучусу конкурстук өтүнмөлөрдү комиссияга мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү жолдордун бири менен берсе болот:

1) чапталган конверттин ичине салып, кагаз түрүндө жеке өзү алып барат, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почтасына жиберет;

2) PDF форматында сканерден өткөрүлгөн түрүндө электрондук почта аркылуу жиберет же конкурстун шарттарында ушундай мүмкүнчүлүк каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жиберет.

Кулактандырууга

1-Тиркеме

Форма

Жергиликтүү демилге боюнча конкурска катышууга

АРЫЗ

Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар
1 Жергиликтүү демилгенин аталышы  
2 Конкурстун катышуучусунун фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы  
3 Конкурстун катышуучусунун – жеке адамдын дареги, конкурстун катышуучусунун – юридикалык жактын юридикалык дареги  
4 Конкурстун катышуучусунун, конкурстун катышуучусунун жетекчисинин – юридикалык жактын телефон/факс номери  
5 Конкурстун катышуучусунун электрондук почтасынын дареги (эгерде болсо)  

Тиркемелер:

1) ________________________________

2) ________________________________

3) ________________________________

Конкурстун катышуучусу ________________________
колу
     

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кулактандырууга

2-Тиркеме

       

Форма

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ БОЮНЧА СУНУШ

Конкурстун катышуучусунун атылышы: _____________________________________

Жергиликтүү демилгенин аталышы: _________________________________________

Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар

Конкурстун катышуучусу ушул жергиликтүү демилгени аткаруу үчүн кандай ресурстарга ээ (каржылык, эмгектик, техникалык, маалыматтык ж. б.) _________________________________________________________________________

Сунушталган жергиликтүү демилге

Жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы: _____________________________________

Жергиликтүү демилгени максаттары: ________________________________________

                                                                 (долбордун максатын так жана кыска аныктоо)

Жергиликтүү демилгенин милдеттери: _______________________________________

(жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкагында кандай милдеттер коюулат жана алар кадай чечилет, саналат)_________________________________________________________

Долбоордун максаттуу тобу(3):

Аймактык камтууну кошуп алганда, максаттуу топтун сыпаттамасы Долбоор ишке ашырылуучу аймакта жашаган максатту топтун саны (жынысы, жаш-курагы боюнча ж. б. долбоор үчүн маанилүү социалдык топтор боюнча) Долбоорду ишке ашыруунун алкагында камтуу пландалган максаттуу топтун саны (жынысы, жаш-курагы боюнча ж. б. долбоор үчүн маанилүү социалдык топтор боюнча)

Күтүлгөн натыйжалар:

________________________________________________________________________

       (Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжаларынын сыпаттамамалоо, сандык көрсөткүчтөрдү саноо, долбоорду ишке ашыруунун алкагында камтуу пландалган топ үчүн күтүлгөн натыйжаларды конкерттештирүү (жынысы, жаш-курагы боюнча жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча)

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕНИ ИШКЕ АШЫРУУ ПЛАНЫ

1-Милдет: (1-милдеттин туюнтмасын кайталоо)

Ишке ашыруу мөөнөтү Иш-чаралар/иш-аракеттер Иш чаранын катышуучулары жана алардын саны (жынысы, жаш-курагы жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча) Күтүлгөн натыйжалар Бышыктоочу документтер
(Мисалы: ишке ашыруунун 1-айы)        
(Мисалы: ишке ашыруунун 4-айы)        

2-Милдет 2: (2-милдеттин туюнтмасын кайталоо)

Ишке ашыруу мөөнөтү Иш-чаралар/иш-аракеттер Иш чаранын катышуучулары жана алардын саны (жынысы, жаш-курагы жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча) Күтүлгөн натыйжалар Бышыктоочу документтер
(Мисалы: ишке ашыруунун 1-айы)        
(Мисалы: ишке ашыруунун 5-айы)        

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү: 20__-жылдын ____ ______  тартып 20__-жылдын ____ _____ чейин.

     

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кулактандырууга

3-Тиркеме

Форма

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕНИН БЮДЖЕТИ
________________________________________
(жергиликтүү демилгенин аталышы)

№ Чыгымдар статьясы Наркы Статьянын жалпы наркы Уюмдун өздүк салымы, тартылган каражаттар Эскертүү
1 Чыгымдар
  1-Милдет
  1 Иш-чара        
  Статья        
  Статья        
  2 Иш-чара        
  Статья        
  Статья        
  1-милдет боюнча баары:        
  2-Милдет
  2 Иш-чара        
  Статья        
  Статья        
  2-милдет боюнча баары:        
  Баары:        
  ЖЫЙЫНТЫГЫ:        
Конкурстун катышуучусу же катышуучу-юридикалык жактын жетекчиси _______________________
(колу)
______________________________
(Ф.А.А-а)

 

Кулактандырууга

4-Тиркеме

Баалоо баракчасы

Жергиликтүү демилгенин аталышы: ________________________________________

_________________________________________________________________________

№ Баалоо критерийлери Баллдар (1ден 5ке чейин)
1 Жергиликтүү жамааттын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн сунушталган жергиликтүү демилгенин маанилүүлүгү  
2 Жергиликтүү демилгени ишке ашырууда жарандардын жергиликтүү жамааттын жашоосуна катышуу деңгээли  
3 Жергиликтүү демилгенин турумдуулугу  
4 Бюджеттин чыгымдарынын негиздүүлүгү жана жол берилгендиги  
5 Өздүк салымдын көлөмү жана (же) кошумча тартылуучу каражаттардын өлчөмү  
7 Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жаңычыл ыкмаларынын болгону  
8 Жергиликтүү демилге калктын корголбогон катмарларынын –балдардын, аялдардын, карылардын, ДМЧА – чечүүгө багытталган  
9 Долбоорду\жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан оң натыйжаларды алуучу долбоордун максаттуу тобунун өкүлдөрүнүн (жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн) саны  


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Предыдущая запись
Талас шаарынын мэриясынын жер мунапысынын объектилерине туура келген контурлардын жана аянттардын аймактарынын чектеринин тизмеси
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg