Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоого типтүү келишими

By Administrator  Опубликовано 10.11.2022

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 14-мартындагы
№172 токтому менен бекитилген

 

 

Калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоого типтүү келишим

 

№______                  20_____-ж. «_____» __________________

Келишим калктын жылытууга жана ысык суу менен жабдууга жылуулук энергиясын пайдаланган учурда турак үйдүн, батирдин, имараттын ээси же жалдоочусу (мамлекеттик, ведомстволук жана муниципалдык үйлөрдүн турак-жай фонду үчүн) жана жылуулук менен жабдуучу мекеменин ортосундагы өз ара мамилелерди (укуктарды, милдетти жана жоопкерчиликти) аныктайт.

2017-ж. 30.08. №137 берилгенлицензиянын негизинде иштеген, жетекчиси атынан чыгуучу: __________________________________________________________________________________мындан ары «жабдуучу» деп атала турган жылуулук менен жабдуучу уюм:_____________________________________________________________

бир тараптан жана:_______________________________________________________________________________________

(батирдин, үйдүн, турак жайдын техникалык паспортунун (ордердин) №)

_______________________________________________________________________________________________________

(аты-жөнү)

паспортунун сериясы ____________ №__________________________________20 ___-жылдын «____» ________ берилген,

(берген органдын аталышы)

мындан ары «керектөөчү» деп аталган, экинчи тараптан, бирге айтканда — «Тараптар», ал эми өз өзүнчө — «Тарап» төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:

 

  1. Келишимдин предмети

 

  1. Жабдуучу Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык тарифтер боюнча жылытуу жана ысык суу менен жабдуу максатына керектөөчүгө жылуулук энергиянын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылат, ал эми керектөөчү керектелген жылуулук энергия жана ысык суу үчүн өз убагында төлөйт.
  2. Жабдуучу үйдүн жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тармактарынын техникалык абалына, коопсуздугуна жана жылуулук энергияны керектөөнү эсепке алуу приборуна тиешелүү түрдө кам көрөт.

Эгер жылуулук менен жабдылган үйдүн ички тармактарынын техникалык жактан тейлөө жылуулук менен жабдуучу мекеме менен жүргүзүлбөй, турак үйдүн ыйгарым укуктуу өкүлү же менчик үйдүн ээси менен түзүлгөн Келишимдин негизинде атайын ишкана менен жүргүзүлсө, турак үйдүн батирлеринин ээлеринин жалпы үлүш менчигинде турган жылуулук менен жабдылган үйдүн ички тутумунун тийиштүү абалына жана коопсуздугуна ушул ишкана жооп берет.

  1. Керектөөчү менен жабдуучунун ортосундагы баланстык таандык чек ара төмөндөгүдөй учурда белгиленет:

1) менчигинде жылуулук тармактары бар менчик үйлөр, турак жай-курулуш кооперативдери (ТКК) үчүн керектөөчү менен жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосундагы баланстык таандык чек ара жана пайдалануу жоопкерчилик чек арасын бөлүштүрүү акттын негизинде (ушул Келишимге Б тиркеме);

2) көп батирлүү турак үйлөр үчүн (ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн башка) — турак үйгө кире бериштеги тээктер (вентилдер).

  1. Үй ичин жылуулук менен жабдуунун ички тармагын техникалык жактан тейлөө боюнча башка адистешкен ишкана менен келишим түзүлбөгөн учурда, жабдуучунун үйдүн жылуулук менен жабдуунун ички тутумунун техникалык абалын жана коопсуздугун тийиштүү жактан камсыздоо боюнча пайдалануу жоопкерчилигинин чек арасы турак үйдүн батирлеринин ээлеринин жалпы үлүшүндө турган, батирдин ичиндеги жылуулук жабдуу тармактарынан башка (батирдеги стояктардан жылытуу аспаптарына чейинки түтүк өткөргүч аянттары, жылытуу аспаптары, суу чабыштыргычтар жана суу бөлүштүргүч крандары), жылуулук энергияны берүүнүн жана керектөөнүн элементтерин өзүнө камтыйт.

 

  1. Тараптардын милдеттенмелери

 

  1. Жабдуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

1) жылытуучу приборлордун долбоорлорго ылайык келип жана керектөөчү тарабынан имараттарды жылытуу боюнча иш-чаралар аткарылган учурда турак жайдагы аба температурасын камсыз кылууга. Имараттын ичиндеги температураны 180С төмөн эмес жана керектөөчүнүн жылуулук менен жабдуучу тармагындагы гидравликалык эрежени (басымдын түшүп-көтөрүлүшү) оптималдуу сактоого;

2) керектөөчүнү техникалык мүчүлүштүктөрү жок суу бөлүштүрүү жайлар (крандар, суу чабыштыргычтар) аркылуу берилүүчү температурасы +570С төмөн эмес ысык суу менен жабдууга. Ысык суунун сапаты сакталбаган учурда, керектөөчүгө себептерин жана анын сапатын жакшыртуунун жолдорун маалымдоого;

3) керектөөчүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 «Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүү эрежелери (мындан ары — Калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүү эрежелери) жана башка ченемдик актылар менен тааныштырууга;

 

4) жылуулук менен жабдуу тутумуна техникалык тейлөө жүргүзүүгө, атап айтканда:

— жылына эки жолудан аз эмес үйдүн ички жылуулук тутумун, ошондой эле ысык суу менен жабдуу тармагын текшерип, анын натыйжасында бузулуунун себептерин жоюуга;

— үй ичиндеги жылуулук менен жабдуучу тутумдун (жылытуу жана ысык суу менен жабдуу), ошондой эле жылуулук энергиясын эсепке алуу приборунун техникалык абалын жана коопсуздугун тийиштүү камсыздоого;

— үй ичиндеги жылуулук тутумун техникалык жактан тейлөө жана ремонт кылууга, ошондой эле ысык сууга карата караштырылган каржылык каражаттарды эсепке киргизүү жана эсептөөнү бөлөк эсепте жүргүзүүгө;

— көп батирлүү турак үйдүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн суроосу боюнча үй ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумунун техникалык абалы жана үйгө карата чыгымдалуучу каржы каражаттардын сарпталышы жөнүндө тийиштүү маалыматты берүүгө;

5) жылуулук менен камсыздоо тутумун өчүрөөрдөн 7 күн мурда себеп жана мөөнөтүн көрсөтүү менен жылуулук энергияны жана/же ысык сууну берүү пландуу түрдө чектелип же токтотулаары туурасында керектөөчүнү жалпыга маалымдоо каражаттары же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу кабардар кылуу;

6) тарифтердин өзгөргөндүгү туурасында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу керектөөчүгө 7 суткадан кеч эмес убакыттын ичинде маалымат берүү;

7) жабдуучу керектөөчүгө эсепке алуу приборлорун сатып алат жана орнотот. Каржылоо жок учурда жылуулук энергия жана ысык сууну эсептеген жеке приборлор келишимдин негизинде керектөөчүнүн өздүк каражатына орнотулушу мүмкүн жана ал кийин жабдуучу тарабынан сатылып алынат;

8) ай сайын керектөөчүнүн көзүнчө жылуулук энергияны эсептеген прибор көрсөткүчтөрүн алат жана ал көрсөткүчтөр боюнча керектөөчүгө жылуулук энергия жана ысык суу менен пайдаланылгандыгы үчүн төлөмдөрдү эсептейт;

9) эсепке алуу приборлору жок учурда жылуулук алып жүрүүчүнү жана ысык сууну жеткирүүнүн шарттарын эсепке алып эсептешүү жолу менен жылытуу үчүн анык пайдаланылган жылуулук энергиясы аныкталат (ушул Келишимге А тиркеме) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөө ченемдери боюнча ысык суу менен жабдуу үчүн төлөм эсебин жүргүзүүгө;

10) ай сайын отчёттук календардык айдан кийинки айдын 10-күнүнөн кеч эмес жылытуу жана ысык суу менен жабдууга пайдаланылган жылуулук энергиясына төлөм эсебин керектөөчүгө берүүгө;

11) эсепте каталар жана так эместиктер табылган учурда, керектөөчүнүн арызы берилген күндөн тартып 10 күндүк жумушчу күн ичинде чечим кабыл алууга жана эсептелген төлөмдөрдүн суммасын кайра эсептөөнүн жыйынтыктары менен керектөөчүнү тааныштырууга;

12) төлөм боюнча карызы бар керектөөчүнү жылуулук менен жабдылбай калары туурасында 3 күн мурда жазуу түрүндө кабардар кылууга;

13) пайдаланылган жылуулук энергиясы жана кошуу үчүн кызмат акысын толугу менен төлөмдөрү жүргүзүлгөндөн кийин керектөөчүнүн арызынын негизинде, кезек боюнча, бирок 2 жумадан кеч эмес убакытта жылуулук энергиясы менен ысык сууну берүүнү улантууга.

 

  1. Керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

1) жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн нагыз пайдаланган жылуулук энергияга жабдуучу тарабынан берилген эсепке ылайык, аны алган күндөн тартып 10 күндөн кеч эмес убакытта төлөөгө;

2) батир ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумунун элементтерине ремонт жүргүзгөн учурда керектөөчү төлөмдөрдү оңдоо иштери жүргүзүлгөн түтүк өткөргүчтөрдө зарыл учурда төгүлгөн тармактык суунун көлөмү үчүн жүргүзүүгө;

3) 3 же андан көп ысык суу түтүктөрү бар үйгө (батир) ысык суу чыгымын эсепке алуу үчүн өз каражатына эсепке алуу приборун орнотууга;

4) кызматтык күбөлүктөрүн көрсөткөн жабдуучу өкүлдөрүн тоскоолсуз киргизүүгө:

— ысык суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жана техникалык абалын текшерүү үчүн;

— жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тутумун текшерүү үчүн;

— караптарды алдын-алуу жана/же аны жоюу боюнча жумуштарды жасоо үчүн;

— жылуулук керектеген жабдууларды өчүрүү (кошуу) боюнча жумуштарды аткаруу үчүн;

5) ысык сууну эсепке алуу приборун орнотууда жана ишке киргизүүдө жоопкерчиликтүү сактоого келишимге ылайык ысык сууну эсептөө приборлорун жана орнотулган пломбалардын сактыгын камсыз кылуу үчүн (ушул Келишимге В тиркеме);

6) жеке үйдө (батирде) ысык сууну чыгымдоо боюнча эсепке алуу приборлору жок болсо, жылуулук берилүүчү аянт жана анда жашап жаткан адамдардын саны өзгөрүлгөндүгү же ээси алмашкандыгы жөнүндө факт аныкталгандан кийин 1 айдан кеч эмес мөөнөттө тастыктоочу документтерди тиркөө менен жабдуучуну (жазуу түрүндө) кабардар кылуу;

7) жашаган жери өзгөргөн учурда бир айлык мөөнөт ичинде жылуулук энергиясы жана ысык сууга болгон карызын төлөө;

8) керектөөчүнүн күнөөсү менен жылуулук менен жабдуу токтотулса, жылуулук керектөөчү жабдууларды өчүрүү жана жылуулук менен жабдуучу тутумга кайра кошуу үчүн жабдуучуга төлөө;

9) көрсөтүлгөн эсеп боюнча төлөмдү кечиктиргени үчүн туумду жабдуучуга төлөө;

10) төлөө эсебин алгандан кийин төлөм жүргүзүлө турган иш кагаздарындагы табылган каталар жана дал келбөөчүлүктөр жөнүндө 5 күндүн ичинде жабдуучуга кабарлоого;

11) долбоорлук документтерге туура келбеген жылуулук керектөөчү түзүлүштөрдүн (аспаптардын) кошулуусун болтурбоо жана жабдуучу менен макулдашпай туруп, жалпы үлүштүк менчиктеги жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутумунун элементтерин алмаштырбоо;

12) үйдүн (батирдин) жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тутумунун ишинде болгон бардык бузулуулар жөнүндө жабдуучуга токтоосуз кабарлоого;

 

13) батир ичиндеги (жеке үй ээлиги үчүн — үй ичиндеги) жылуулук менен жабдуу тутумун жана керектөөчүгө таандык жылуулук керектөөчү жабдууну (вентиль, кран, суу чабыштыргыч, жылытуучу приборлор, аларга карата өткөрүүчү түтүктөрдүн тилкелерин) жана ысык сууну эсепке алуу приборлорун талаптагыдай техникалык абалда кармоо жана коопсуз пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үйдү (батирди) жылытуу боюнча жабдуучунун эскертүүлөрүн аткарууну камсыз кылуу.

 

  1. Тараптардын укуктары

 

  1. Жабдуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

 

1) керектөөчүдөн бул Келишимди, мыйзамдарды сактап, иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызмат жана аткарылган жумуштар үчүн өз учурунда акы төлөөсүн талап кылуу;

2) талапка ылайык эсепке алуу прибору бар болгондо гана үй (батир) ичинде 3 же андан көп ысык суу алуу түйүндөрү бар керектөөчүгө ысык сууну берүү;

3) төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн керектөөчүгө карыздын жалпы суммасынан 0,1 % өлчөмүндө туум эсептөө, ошол эле учурда туумдун жалпы өлчөмү карыздын негизги суммасынын 25%инен ашпоосу керек;

4) төмөнкү учурларда керектөөчүнүн жылуулук менен жабдылышын токтотуу:

— жылуулук менен жабдуу тутумундагы караптарда;

— ушул Келишимдин 6-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет аткарбаганда;

— эсеп колго тийгенден тартып 10 күндөн ашык мезгил төлөм жүргүзбөгөндө;

— жылуулук энергияны уурдоо фактысы аныкталганда;

— уруксатсыз борбордук жылытуу тармактарын жылытуу аспаптарына кошумча секцияларды кошууда жана инженердик тармактардын бүтүндүгүн бузууда;

— үйдүн (батирдин) жылуулук менен жабдуучу схемаларын уруксатсыз өзгөртүүдө.

5) жылуулук энергиянын жана ысык суунун бир суткалык керектелиши түтүк өткөргүчтөрдүн өткөрүмдүүлүгү боюнча анын сутка бою пайдалануусунан чыгуу менен эсептелет жана керектөөчүгө жабдуучунун өкүлү акыркы жолу келген күндөн тартып (бирок 30 күндөн көп эмес) каражат төмөнкү учурда кошумчаланат:

— керектөөчү тарабынан жылуулук энергияны жана ысык сууну уурдоо фактысы аныкталганда;

— керектөөчү тарабынан иштебей калган эсептегич приборлор (пломбасы үзүлгөн, айнеги сынган, тулкусу бузулган) аркылуу ысык суу жабдуучуга маалымдалбай колдонулганда;

— уруксатсыз түрдө жылуулук менен жабдуучу тармактарга кошулганда, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тармагынан сууну агызганда;

6) керектөөчүдөн сот тартибинде накта чыгымдалган жылуулук энергия жана ысык суу үчүн жана жылуулук менен жабдуучу батирдин ички тармагын тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн карыздарды төлөтүүгө;

7) үйдү (батирди) жылуулоо боюнча, ошондой эле төмөнкүлөрдү талаптагыдай техникалык абалда кармоо жана коопсуз пайдалануу боюнча аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү керектөөчүгө берүүгө:

— жылуулук менен жабдуунун батир ичиндеги (жеке үй ээлиги үчүн — үй ичиндеги) тутумун;

— керектөөчүгө таандык жылуулук керектөөчү жабдууну (вентиль, кран, суу чабыштыргыч, жылытуучу приборлор, аларга карата өткөрүүчү түтүктөрдүн тилкелерин);

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ысык сууну эсептөө приборлорун.

 

  1. Керектөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:

 

1) жылуулук энергияны үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү жана үй ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумун техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштардын өз убагында аткарылышын, ошондой эле жылуулук энергиясына болгон баалар жана үй ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумун техникалык жактан тейлөө боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар жана башка керектөөчүнү кызыктырган маселелер жөнүндө туура маалымат алууга;

2) жабдуучу тарабынан бул Келишимдин шарттарынын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдарга жана коомдук уюмдарга кайрылууга;

3) эгерде керектөөчүнүн жылуулук приборлору долбоордо көрсөтүлгөндөргө туура келип, имараттарды жылуулоо боюнча иш-чараларды аткарган учурда факт боюнча керектелген жылуулук энергиясы имарат ичиндеги жылуулук менен жабдуунун үзгүлтүккө учурашын же көрсөтүлгөндөн тайгандыгы туурасында фактыларды каттап турууга. Бир суткадан көп убакытка ысык суу өчүрүлсө жана жылуулук энергия толук берилбесе (имараттын ичиндеги температура +180С аз), факты түрүндө жылуулук энергияны берүү үчүн кайра эсептөөнү талап кылууга. Жылуулук энергиянын толук келбеген фактысы жана узактыгы керектөөчү менен жабдуучунун ортосунда түзүлгөн акты арыз же телефонограмма менен күбөлөндүрүлөт. Эгер жабдуучу тараптын өкүлү керектөөчүнүн кат түрүндөгү маалымдоосунан кийин 6 саат бою жок болсо, актыга арыздануучу менен жылуулук жабдуучу тармактары бир болгон башка үч керектөөчү жабдуучу тараптын өкүлүнүн колунун коюлбагандыгы жөнүндө фактыны көрсөтүү менен кол коёт. Акт жабдуучуга бул Келишимдин шарттарынан тайган каталар табылган убакыттан 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө берилет;

4) бул Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгына байланыштуу келтирилген зыянды жабдуучудан кайтарып алуу жөнүндө доо арыз менен сот органдарына кайрылууга.

 

  1. Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жана аларды төлөө тартиби

 

  1. Керектөөчү тарабынан пайдаланган жылуулук энергиянын наркы колдонулуудагы тариф боюнча анын бул Келишимдин 5-пунктунун 8-жана 9-пунктчаларына ылайык аныкталган санына жараша эсептелет.
  2. Эгер жабдуучу тарабынан орнотулган эсеп прибору бузулуп, жабдуучу тарабынан чечилип алынып, ал эми ысык суу өчүрүлбөсө, жабдуучу керектөөчүгө башка бузук эмес жана текшерилген эсеп приборун орнотот, ошондой эле белгиленген тартипте, орнотулган мезгилден тартып эсеп көрсөткүчтөрүн тактап, керектөөчүнүн сактоосуна өткөрүп берет. Ушул убакыттан тартып орнотулган эсеп приборунун көрсөткүчтөрүнө ылайык төлөм жүргүзүлө баштайт.
  3. Жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутумун техникалык жактан тейлөө, оңдоо жана коопсуз пайдалануу боюнча жумуштарга төлөмдөрүнүн формасы жана өлчөмү отун-энергетика комплекс чөйрөсүн жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
  4. Батирди жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тутумунун батир ичиндеги элементтерин (вентиль, кран, суу чабыштыргыч, жылытуучу приборлор, аларга карата өткөрүүчү түтүктөрдүн тилкелери) оңдоо же алмаштыруу боюнча жумуштарына төлөө отун-энергетика комплекс чөйрөсүн жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген прейскурантка ылайык керектөөчүнүн каражаттарынын эсебинен, өзүнчө эсептер боюнча ушул Келишимдин 9 жана 10-пункттарында каралган каражаттардан жүргүзүлөт.

 

  1. Тараптардын жоопкерчилиги

 

  1. Бул Келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбай же тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, милдеттенмелерди аткарбаган Тарап экинчи Тарапка мунун натыйжасында келтирилген чыгымды сот органдары бекиткен өлчөмдө төлөп берүүгө милдеттүү.
  2. Жабдуучу тарабынан үйдүн жылуулук менен жабдуучу ички тармагын техникалык жактан тейлөө боюнча жумуштарды аткарууда аны пайдалануу жана техникалык жактан тейлөө боюнча сапатсыз аткарылган жумуштардын негизинде пайда болгон жылуулук менен жабдуучу үйдүн ички тутумунун бардык бузулууларын жоюу жабдуучунун өздүк эсебинен жүргүзүлөт.
  3. Жылуулук менен жабдуу тутумунун үй ичиндеги элементтери керектөөчүнүн айынан бузулган факт аныкталганда, керектөөчү ага байланышкан чыгашаларды өзүнүн эсебинен жабдууга милдеттүү.
  4. Ысык суу чыгымын өлчөй турган прибор керектөөчүнүн күнөөсү менен бузулса, жаңы суу өлчөй турган прибор жабдуучу тарабынан керектөөчүнүн эсебинен сатылып алынып жана орнотулат.
  5. Бул Келишимди аткарууда пайда болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер өз ара сүйлөшүү жолу аркылуу чечилет. Же болбосо, кызыкдар Тарап энергетика жаатындагы Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат жана кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аркылуу чечилиши мүмкүн.
  6. Эгер жогоруда көрсөтүлгөн мисалдар ал жеткис күч, б.а. өзгөчө кырдаалдар менен байланыштуу келип чыкса, Тараптар бул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилигинен толук же жарым-жартылай бошотулат.

 

  1. Өзгөчө шарттар

 

  1. А, Б жана В тиркемелери ушул Келишимдин ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат. Ошол эле убакта А тиркемеси жылуулук энергияга тарифтер жана жылуулук алып жүрүүчүнү жеткирүү шарттары өзгөргөндө, ал эми Б тиркемеси керектөөчү менен жабдуучунун ортосундагы жылуулук тармактарынын баланстык таандык чек аралары өзгөргөндө жаңыртылат.
  2. Жабдуучунун өкүлдөрүн чакыруу төмөнкү телефондор аркылуу жүргүзүлөт:

— карап кызматы __________________________________________;

— жылуулук менен жабдуу тутумун техникалык жактан тейлөө жана оңдоо __________________________________.

 

  1. Келишимдин жарактуулук мөөнөтү

 

  1. Бул Келишим керектөөчүнү жылуулук менен жабдуу тутумуна кошкон күндөн тартып, пайдаланылган энергияга төлөмдөр жабылгандан кийинки белгиленген тартипте өз күчүн жоготкон күнгө чейин жарактуу болот.
  2. Бул Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жол-жоболорун сактоо менен Тараптардын каалаганынын демилгеси боюнча жана экинчи тарапты бузууга чейин эки ай мурда милдеттүү эскертүү менен бузулушу мүмкүн.
  3. Бул Келишим 2 нускада түзүлгөн жана кол коюлган, анын бири жабдуучуда, экинчиси керектөөчүдө сакталат.

 

  1. Тараптардын юридикалык даректери

 

 

Жабдуучу:

Дареги: _____________________________

Телефону: ________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

Керектөөчү:

Дареги:___________________________

Телефону:_________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

 

 

 

 

 

Аткаруучу:  __________________________________

Макулдашуу: _________________________________

А тиркемеси

 

202___-жылдын «___» _____________ №___________

 

Жылуулук алып жүрүүчүнү жана ысык сууну жеткирүү шарттары

 

Керектөөчү: __________________________________________________________________________________________

(аты-жөнү)

____________________________________________________________________________________ дарегинде жашайт.

 

Эсеп көрсөткүчтөрү:

— батирдин көлөмү __________________ м3;

— лоджиянын көлөмү _________________м3;

— жашагандардын саны _______________ киши;

— батирдин аянты ____________________ м2;

— лоджиянын аянты __________________ м2;

— батирдин бийиктиги ________________ м.

 

  1. Жабдуучу керектөөчүнү жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн жылына ______________ Гкал көлөмүндө жылуулук энергиясы менен камсыздайт, анын ичинде, жылытуу мезгилинде жылытуу муктаждыктарына _____ Гкал жана ысык суу менен жабдуу муктаждыктарына жылына ____ Гкал, анын катарында төмөнкү айлар боюнча камсыздайт:

 

Айлар Абанын айлык орточо температурасы 0С Эсептешүү чыгымы Коромжу
жылытуу желдетүү ЫСЖ технология
Гкал Гкал Гкал Тонна Гкал Тонна Гкал Тонна
Январь
Февраль
март
апрель
май
июнь
июль
август
сентябрь
октябрь
ноябрь
декабрь
Бардыгы, жылына

 

Өзгөчө шарттар:

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 Жабдуучу:

Дареги: _____________________________

Телефону: ________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

Керектөөчү:

Дареги:___________________________

Телефону:_________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

 

 

Аткаруучу:  __________________________________

Макулдашуу: _________________________________

 

Б тиркемеси

 

Керектөөчү жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосунда баланстык таандыкты жана пайдалануу жоопкерчилигин чектөө акты

 

Биз, төмөндө кол койгондор: жылуулук менен жабдуучу уюмдун атынан чыгуучу _____________________________________________________________ директор ______________________________________________________________________

жана: ______________________________________________________________

керектөөчү_________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________________________________________

(аты-жөнү)

жылуулук менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосундагы жылуулук тармактардын баланстык таандыгын (техникалык абалына жана пайдаланууга жоопкерчиликти) чектөө чеги болуп:

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

эсептелери жөнүндө ушул актты түздүк.

 

Керектөөчүнү кошуу схемасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Жабдуучу:

Дареги: _____________________________

Телефону: ________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

Керектөөчү:

Дареги:___________________________

Телефону:_________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

 

Аткаруучу:  __________________________________

Макулдашуу: _________________________________

 


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

ТАЛАС ШААРДЫК МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫ АУКЦИОНДУН  НЕГИЗИНДЕ ТАЛАС ШААРЫНЫН ИЧИНЕН МУНИЦИПАЛДЫК ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИН  ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ  БЕРҮҮГӨ  КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Предыдущая запись
2022-жылдын 28-декабрында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кеңсесинде төмөнкү маселелер боюнча коомдук угуу өтөт.
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg