Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU

ТОКТОМДОР 11.02.2022

11.02.2022 №63/10-8
11.02.2022 №64/10-8
11.02.2022 №65/10-8
11.02.2022 №66/10-8
11.02.2022 №67/10-8
11.02.2022 №68/10-8
11.02.2022 №69/10-8
11.02.2022 №70/10-8
11.02.2022 №71/10-8
11.02.2022 №72/10-8
11.02.2022 №73/10-8
11.02.2022 №74/10-8
11.02.2022 №75/10-8
11.02.2022 №63/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын №63/10-8  ТОКТОМУ

 Сессиянын  катчысы жөнүндө

  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы  кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.      Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын катчылыгына Талас шаардык кеңешинин депутаты Тургунбеков Насыр Токторович  шайлансын.

 2.      Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана  Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу  жагы  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

Төраганын   орун басары                                                                        А.Курамаев

11.02.2022 №64/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы

кезектеги  X сессиясынын №64/10-8  ТОКТОМУ

      

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин  2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

            Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 8,1 пунктунун Негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.         

  1. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына  жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын  мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу  жагы   Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына  (А.Сариева) тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төраганын орун басары                                                                А.Курамаев

 

11.02.2022 №65/10-8

Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2021-жылга карата аткарылышынын жыйынтыгы  жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 48-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык, Талас шаарынын  социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын  2021-жылга карата аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетун угуп, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2021-жылга карата аткарылышы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
  2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
  4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төраганын орун басары                             А.Курамаев

 

11.02.2022 №66/10-8

Талас шаарынын   жергиликтүү  бюджетинин   2021-жылга  карата  аткарылышы жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө”  мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна жана  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексинин мыйзамынын 117-беренесине ылайык, Талас шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн  аткарылышын  карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2021-жылдагы аткарылганы-151367,8 миң сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүмүнүн аткарылышы 146344,1 миң сом өлчөмүндө жана анын ичинен республикалык бюджеттен максаттуу трансферт -1609,1 миң сом берилгени бекитилсин.

  1. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу  жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
  3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төраганын орун басары                        А.Курамаев                                                                                  

 

11.02.2022 №67/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №67/10-8  ТОКТОМУ

     Талас шаарынын муниципалдык объектилеринин жана жер аянттарды  ижарага берүүдө ижара акыларынын жаңы тарифтери жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 02.02.2022-жылдын №01-21/231 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 13.07.2021-жылдагы №17/4-8 сандуу Талас шаарынын муниципалдык обьектилерин жана жер аянттарды ижарага берүүдө ижара акыларынын тарифтери жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
  2. Талас шаарынын муниципалдык обьектилерин жана жер аянттарды ижарага берүүдө ижара акыларынын жаңы тарифтери   тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу  жагы  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
  5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары                                                                    А.Курамаев

11.02.2022 №68/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №68/10-8  ТОКТОМУ

Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканАСЫНЫН штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

                 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 04.02.2022-жылдагы №01-21/273 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 1-мартынан баштап, айлык акылары 20 пайызга  көбөйтүлгөн  штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.

                                                                                           

Төраганын орун басары                                                            А.Курамаев                    

11.02.2022 №69/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №68/10-8  ТОКТОМУ

Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаардык башкармалыгынын

  жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 04.02.2022-жылдагы №01-21/273 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаардык башкармалыгынын жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн  кызматкерлеринин  2022-жылдын 1-мартынан  баштап, айлык акылары  20 пайызга көбөйтүлгөн  штаттык бирдиги тиркемеге ылайык  бекитилсин.
  2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.

Төраганын орун басары                                                               А.Курамаев                    

11.02.2022 №70/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №68/10-8  ТОКТОМУ

“Талас  жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 04.02.2022-жылдагы №01-21/273 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 1-мартынан баштап, айлык акыларынын  20 пайызга көбөйтүлгөн  штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.

Төраганын орун басары                                                             А.Курамаев                    

11.02.2022 №71/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №71/10-8  ТОКТОМУ

Талас шаардык маданият бөлүмүнө Маалымат кызматын ачуу  жана анын 4 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн  1-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 08.02.2022-жылдагы № 01-21/287 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун  карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин, Талас шаарынын мэриясынын,  шаардык мекеме уюмдардын ишмердүүлүгүн коомчулукка өз убагында жеткирүү жана тыгыз байланышты күчөтүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Талас шаардык маданият бөлүмүнө Маалымат кызматы ачылсын жана 4 штаттык бирдиги тиркемеге ылайык  бекитилсин.
  2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын  мамлекеттик  реестринен  каттоодон  өткөрүүнү көзөмөлдөө  жагы  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышына   көзөмөлдүк  кылуу  жагы  Депутаттардын Талас шаардык  кеңешинин  “Бюджет  жана  муниципалдык  менчик  башкаруу  маселелери  боюнча”  туруктуу комиссиясынын төрагасына  (Ж.Иманалиев)  тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары                                                                 А. Курамаев

 

 

11.02.2022 №72/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №71/10-8  ТОКТОМУ

Талас  шаарынын  2022-жылга  жергиликтүү бюджети  жана  2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексинин  мыйзамынын  44-беренеси, Талас  шаарынын мэриясы  тарабынан 28.01.2022-жылдагы №01-21/182 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин  “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  №1 протоколдук сунушу менен  Талас шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга  болжолдуу планын  карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 1.Талас шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди  жана атайын каражаттарды кошкондо 172367,1 миң сом суммасында  жана  чыгашалар боюнча 172367,1 миң  сом суммасында бекитилсин.

2.Талас шаарынын  2022-жылдагы жергиликтүү  бюджетинин киреше  бөлүгү 1- тиркемеге  ылайык, киреше  булактардан түшүүчү  каражаттардын эсебинен түзүлсүн.

3.Талас шаарынын 2023-2024-жылдарга жергиликтүү  бюджетинин  негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын. (тиркеме  тиркелет).

2023-жылга киреше боюнча болжолу 176261,2  миң  сом;

2024-жылга киреше боюнча болжолу 180272,1 миң  сом.

4.Талас  шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 2-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

5.Талас  шаарынын 2023-2024 жылдарга жергиликтүү бюджеттин  чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын.(№ 3,4 тиркеме  тиркелет).

  1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.

7.Жергиликтүү бюджеттен 2021-жылы жетишсиз  каржыланган  бөлүгү  2022-жылга каралган каражаттардын  эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.

Мында эмгек  акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.

  1. 2022-жылдын шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 миң сом суммасында белгиленсин.

9.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, шаардык   бюджетке 995,0 миң  сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.

10.2022-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

а) жалпы  мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдетүү патентөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктан  түшүүлөр шаардын жергиликтүү бюджетинин  тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;

б) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаардын  жергиликтүү бюджеттерине-50 пайыз өлчөмүндө.

  1. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча

жүргүзүү  белгиленсин.                                                                                                                12.Чыгашалардын коргоого алынган беренелери шаардык кенештин токтомунун негизинде жана ченемдик  актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы  мүмкүн.

Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу  чыгашаларынын жалпы көлөмүн көбөйтүү жөнүндө же болбосо анын  ресурстарын кыскартуу боюнча токтомдордун долбоорлору Талас финансы башкармалыгы менен кошо талкуулангандан кийин гана сунушталсын.

Чыгашалардын корголгон  беренелерин каржылоо (пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.

13.Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан  ашык  түшкөн кирешелер  толугу  менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.

Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды  казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын бардык  суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.

  1. Жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттар жыл ичинде бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жылдыруу, трансферттерди бөлүштүрүү шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн. Бюджеттик мекемелердин атайын счетунда каралган киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар Кыргыз Республикасынын  Бюджеттик кодексинин негизинде бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин (кат аркылуу) макулдугу менен өзгөртүү киргизүү   финансы  башкармалыгы аркылуу (жүргүзүлсүн) аткарууга алынсын.

15.Талас шаарында өзгөчө абал же өзгөчө  кырдаал болгон мезгилде штабтын чечиминин негизинде, Өзгөчө кырдаал бөлүмүнө каралган акча каражатын Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылоого уруксат берилсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы №315 токтомунун негизинде, Талас шаарынын билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына бир штаттык бирдиги бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
  2. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы жана “Талас Жашыл чарба” муниципалдык ишканасына жыл ичинде, убактылуу жаз, жай мезгилдеринде иштеген жумушчуларды келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымдар беренесинен каржылоого жана алууга уруксат берилсин.

18.Чет тилдер багытындагы лицейи (Момунбеков С.Ж.) 2022-жылдын I жарым жылдыгына чейин жергиликтүү бюджеттен каржылансын жана II жарым жылы толугу менен республикалык бюджеттен каржылоого өтсүн.

  1. Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин сессиясында жергиликтүү  бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр менен  бекитилсин.

20 Талас  финансы  башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) жыл ичинде шаардын бюджетине тиешелүү  өзгөртүүлөрдү киргизүү, каржылоо жагы милдеттендирилсин.

  1. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.

23.Ушул  токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

   Тѳраганын орун басары                                                А.Курамаев

 Талас шаарынын жергиликтуу бюджеттинин чыгаша бөлүгүнүн
2022-жылга болжолдуу планы
                      
Бюджеттик  мекеме-уюмдар.айлык акысоц.фондиш-сапар.байланышунааар кандайтамак-ашучур.рем.сатып алуукийимкөмурсууэ/энерг.ТЭПсөөккоюрез.фондимар.курул.маш.жабдууатайын 
аталышы2111212122112212221422154221822212222222322242231223222332721282131113112каражатБардыгы
70111   Мэрия6268,7927,6213,0175,0560,01592,8 100,0211,0  59,6450,0  995,07925,0345,0 19822,7
70111  Шаардык Кенеш1936,7286,341,258,1184,377  78,7        0,0 2662,3
70112    Салык  инспекциясы1777,6262,8 0 20,0  60,0        40,0 2160,4
701 бөлум боюнча9983,01476,7254,2233,1744,31689,80,0100,0349,7 0,059,6450,00,0 995,07925,0385,00,024645,4
70221 Коргоо бөлүмү472,172,3 50,0129,690,0  55,0  40,0205,0   0,0  1114,0
702 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү     550,0             550,0
 702 бөлүм боюнча472,172,3 50,0129,6640,00,00,055,0 0,040,0205,00  0,0  1664,0
70629 «Жашыл чарба»5219,31027,021,015,0949,0852,0 0,02527,0 25,020,0    250,0  10905,3
70661  Коммунал. кызмат көрс.мекемеси10503,81811,943,843,86799,91848,8 1648,33550,0 42,070,01900,0   7194,0228,19672,045356,4
70661 Муниципиалдык менчик башкарм.1862,1321,275,050,0135,03062,2  138,0       7000,05150,0300,018093,5
706  бөлүм боюнча17585,23160,1139,8108,87883,95763,00,01648,36215,00,067,090,01900,00,00,00,014194,05378,19972,074355,2
70811  ФК ж-а спорт     1550,0 150,0           1700,0
70812   Спорт мектеби530,591,50,07,5 7,5 300,00,0  20,9300,0      1257,9
70812 «Семетей» футбол клубу81,514,1   750,0  20,0          865,6
70822  Музей565,297,530,022 285  50,0   60,0    50,0 1159,7
70823 Маданият бөлүмү1481,5255,553,921,2 981,8 150,0250,00,0 21,8200,0   0,0154,5 3570,2
708     Фольклор857,5147,9                 1005,4
70861 Аппарат дене-тарб 458,868,035,026,637,2112,5  26,2        100,0 864,3
70861 Аппарат маданият 515,676,442,2 88,7   0,0          722,9
70832 Ред.»Жаны багыт»380,565,630,08,4 43,6 013,0  4,04,0    0,00,0519,1
 708  бөлүм боюнча4871,1816,53161,185,7125,93730,40,0600,0359,20,00,046,7564,00,00,00,00,0304,50,011665,1
70981  Билим берүү бөлүмү725,7120,765,0113,190,01474,56846,1850,0710,0 2664,02007,013307,01870,5 0,00,02073,016627,549544,1
7091101 Бала-бакчалар   40,0 520,06846,1500200,0 1464,01100,05127,0878,1   1073,016627,534375,7
7092101 Мектептер     870,0 350400,0 1200,0850,08100,0992,4   1000,0 13762,4
70961311 Борборлош.бухгалтер.725,7120,730,035,4 60,0  90,0  57,080,0      1198,8
7098090   БББнун аппараты  35,037,790,024,5  20,0          207,2
70961 Балдарга билим беруу борбору  100,040,8 440,0 60,0180,0  45,0280,0    50,0 1195,8
70961 Курош б/ча жаш оспурум.спорт мект  60,823,0185,72090,0 150,0100,0 0,00,0200,0      2809,5
70961 Футбол б/ча .спорт мек.  30,022,0 2000,0 100,0175,0   50,0    0,0 2377,0
70961 Шаардык спорт мектеп  50,025,0 1800,0 100,0150,0 120,028,0140,0    0,0 2413,0
70921 Лицей  20,020,0 50,0250,0050,0  60,0200,0    25,0400,01075,0
709 бөлүм боюнча725,7120,7325,8243,9275,77854,57096,11260,01365,00,02784,02140,014177,01870,50,00,00,02148,017027,559414,4
71071″КАЙРЫМ» бал.бор79,413,7                 93,1
710 Соц.жардам     515,0        15,0    530,0
 710 бөлүм боюнча79,413,70,00,00,0515,00,00,00,00,00,00,00,00,015,00,00,00,00,0623,1
БАРДЫГЫ:33716,55660,0880,9721,59159,420192,77096,13608,38343,90,02851,02376,317296,01870,515,0995,022119,08215,626999,5172367,1
11.02.2022 №73/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №71/10-8  ТОКТОМУ

2021-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан  жана үнөмдөлгөн суммасын  бөлүштүрүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексинин  мыйзамынын  44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 01.02.20221-жылдагы №01-21/214 сандуу, 2021-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан  жана  үнөмдөлгөн 31125,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү  боюнча катынын негизинде,  Депутаттардын  Талас шаардык кенешинин  “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын  №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап  чыгып,  Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      2021-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын  жергиликтүү бюджетин

аткарууда  кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 31125,0 миң  сом  акча  каражатын   төмөндөгүдөй      төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, бекитилсин.

    -Талас шаарынын Ч.Айтматов жана Ч.Сатаев, Бердике Баатыр жана Алымбеков көчөлөрүнүн кесилиштерине светофор орнотуу үчүн 1600,0 миң сом   акча каражаты Талас шаардык  коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.

   -Талас шаарынын ички көчөлөрүн толук жарыктандыруу үчүн 1500,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык  коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.

   -Талас шаарынын ички көчөлөрүнүн жолдоруна кум-шагыл төгүп тегиздөө үчүн  кум-шагыл сатып алууга 3000,0 миң сом  акча каражаты Талас шаардык  коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.

  — Талас шаарынын Алымкулов жана Усенбаев көчөлөрүнүн кесилишине балдар аянтчасын куруу  үчүн 500,0 миң сом  акча каражаты Талас шаардык  коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.

  — Талас шаарынын асфальт жолдорунун тешиктерин жамоо үчүн 500,0 миң сом акча каражаты  Талас шаардык  коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       

  — Талас шаарынын көчөлөрүнүн кесилиштерине суу түтүктөрүн (асбест труба) сатып алуу үчүн  280,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык  кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын. 

  — Талас шаарындагы билим берүү мекемелеринин жанына жөө адамдар үчүн жол белгиси жана жасалма өткөөл (лежачий полицейский) орнотуу жана жалпы  шаар ичине жол белгилерин коюу үчүн 565,0 миң сом  акча каражаты Талас шаардык коммуналдык  кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.

— “Жаратылышты өнүктүрүү  фонду”  тарабынан 2 даана  таштанды чыгаруучу техникаларды  (“Хово» автоунааларын) сатып алуу долбоорунун  40 пайыз өздүк салымы үчүн 3200,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык  кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.

— Талас шаарында Аэропорттун жанындагы О.Шамбетов көчөсүндө 6 га жер тилкесине  парк куруу үчүн 14000,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы  аркылуу каржылансын.

— «Ихсан» кооперативинин Таластагы филиалы  аркылуу берилген ссудага жол белгисин жасоочу атайын техника сатып алуу долбоорунун  50 пайыздык өздүк салымы үчүн 750,0 миң  сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы  аркылуу каржылансын.

-Талас шаарында  көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна бордюр орнотуп, асфальт төшөө жумуштары үчүн  2300,0 миң акча каражаты Талас шаардык коммуналдык  кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.

— Талас шаарында 2021-жылга карата мал санактарды жүргүзүү кызматынын кредитордук карыздарын төлөө үчүн 100,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу   каржылансын.

— Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна келишимдин негизинде, врачтардын депозити үчүн 50,0 мин сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кенеши аркылуу   каржылансын.

—  Талас  шаардык  Согуштун, куралдуу  күчтөрдүн, укук  коргоо органдарынын, ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесине 180,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу  каржылансын.

— Шаардык билим берүү бөлүмүнө жана чет тилдер лицейине ар кандай чыгымдар   беренесине мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү жана коммуналдык чыгымдарды  төлөө үчүн 380,0 миң сом Талас район шаардык билим  берүү бөлүм  аркылуу, 20,0 миң сом  чет тилдер  багытындагы лицейи  аркылуу  каржылансын.

— Талас каржы  башкармалыгына сатып алуу, унаа жана ар кандай  чыгымдар беренесине  100,0 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.

— Талас шаарынын мектептер жана лицейлер арасында облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучуларды жана мугалимдерди акчалай сыйлоо үчүн  300 ,0 миң сом акча каражаты  Депутаттардын  Талас шаардык  кеңеши  аркылуу каржылансын.

—  Жергиликтүү демилгелерди колдоо долбоорлорун каржылоо үчүн 1000,0 миң сом акча каражаты   Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.

— Талас шаарындагы орто мектептерге спорт инвентарларын сатып берүү үчүн  300,0 миң сом  акча каражаты   Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.

 — Талас шаардык маданият бөлүмүнүн  Маалымат кызматына  зарыл буюмдарды сатып алуу үчүн 500,0 миң сом акча каражаты   Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.

 

 

 

 

    

2.Талас  финансы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын  өз убагында  каржылоо жагы  милдеттендирилсин.

  1. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары                                                                 А. Курамаев

11.02.2022 №74/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №74/10-8  ТОКТОМУ

Талас шаарынын  Жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартибинин жобосун бекитүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 04.02.2022-жылдагы №01-21/270 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ”Регламент, депутаттык  этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын  №1 протоколдук сунушун  карап,  талкуулап чыгып,  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Талас шаарында жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартибинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  • Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова ) тапшырылсын.
  • Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Төраганын орун басары                                       А.Курамаев                                                                                     

 

11.02.2022 №75/10-8

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  X сессиясынын №75/10-8  ТОКТОМУ

Талас шаарында муниципалдык акы төлөнүүчү автоунаа токтотмолорун уюштурууга макулдук  жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 10.02.2022-жылдагы №01-21/305 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ” Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын  №1 протоколдук сунушун  карап,  талкуулап чыгып,  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Талас шаарында муниципалдык акы төлөнүүчү автоунаа токтотмолорду уюштурууга макулдук берилсин.
  2. Муниципалдык акы төлөнүүчү автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруунун мыйзамга ылайык тартибин жана шарттарын иштеп чыгуу жагы Талас шаарынын мэриясына (А.Шабданов) милдеттендирилсин.
  3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы  Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ”Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Джаныбеков) тапшырылсын.
  5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары                                 А.Курамаев                                                                                                                                        

 

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg