Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Талас шаарынын  коллегиялык отуруму: Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдун 6 айда аткарган иштери боюнча отчету.

By Administrator  Опубликовано 12.07.2022

8-июль күнү, Талас шаарынын  коллегиялык отурум болуп өттү. Анда 6 айдагы аткарылган иштер, кетирилген кемчиликтер каралды. Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов слайд ирээтинде баяндама жасап, жарым жылдагы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын тааныштырды.  Жергиликтүү салыктарды чогултуу боюнча 6 айга коюлган 87 миллион сом план тапшырма , быйыл 8 миллион сомго ашык аткарылган. Ал эми мэр Аскар Шабданов быйылкы жылдын этегине чейин аракет кылып, 2023-жылга  200 млн сом менен кирүү планын айтты. Инвестиция тартуунун негизинде  “Ассафа” коомдук бирикмесинин  колдоосу менен №2 орто мектепке кошумча окуу имараты жана аярлуу катмардагы жашоочулар үчүн “Социалдык шаарча” куруу иштери жүрүп жатканын айтып өттү.  Ошондой эле аэропорт тараптагы эски Жеңиш паркын курууга каражат бөлүнгөн. 1000 орунду кийим тигүү фабрикасын куруу долбоору ишке ашса Талас шаарынын айымдары жумуш менен камсыз болоруу айтылды. Коллегияда  облус башчысынын биринчи орун басары  Канымет Осмонбеков тазалык жана ирээттүүлүк боюнча айрым кемчиликтерди эскертти. Сында шаар мэри туура кабыл алып, кемчилик кетирген Муниципалдык “Менчикти башкаруу” ,“Жашыл чарба”, Коммуналдык кызмат көрсөтүү”  ишканаларынын жетекчилерине шаардагы көрктөндүрүү,  тазалык жана тартип боюнча тез арада иш алып барууну тапшырды. Ал эми “Таза Суу” ишканасына суу эсептегичтерди орнотуу тездетүүнү эскертти.  Баардык иш шаарды өнүктүрүүгө багытталган.


Оставить отзыв Отменить ответ

Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө ЖОБО
Предыдущая запись
КУЛАКТАНДЫРУУ! Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс жөнүндө
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg