Талас шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды,
маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Ушул Жобонун максаттары жана милдеттери
1. Ушул Жобонун максаты Талас шаарынын тургундарынын социалдык кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана жашоосундагы моралдык бекемдигине олуттуу зыян алып келүүчү ашыкча чыгашаларга жол бербөө боюнча чараларды белгилөө.
2. Ушул Жобонун милдеттери Талас шаарында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш чараларды өткөрүүнү, ошондой эле калктын, өзгөчө жаштардын алардын маӊызын жана барктуулугун туура түшүнүүнү калыптоону тартипке келтирүү болуп саналат.
II. Жобонун таасиринин чектери
1. Бул Жобонун таасири Талас шаарындагы бардык мамлекеттик органдарга жана ведомстволук караштуулугу, менчик формаларына карабастан уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жеке адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга ошондой эле жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.
III. Жободогу колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) Үй-бүлөлүк салтанаттар (туулган күн, тушоо кесүү, бешик той, сүннөт той, ж.б.) – бул адамдардын кичи тобунун да, көп сандаган элдин да көӊүл ачуу же салтанаттуу мүнөзүндөгү иш-чарасы.
2) Маркумдардын элесине арналган иш-чаралар – каза болгон адамдын элесине арналган иш-чаралар, анда негизги болуп эскерүүнүн белгилүү бир мөөнөттөрүндө туугандары тарабынан маркумдун үйүндө же тамактануу жайларында өткөрүлүүчү жалпы тамактануу саналат.
IV. Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттар
1. Үй-бүлөлүк салтанаттар 350гө чейинки адамды чакыруу менен өткөрүлөт.
2. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүүнү мамлекеттик каттоо
салтанаты 5тен ашык эмес жеӊил автомашинасын колдонуу менен өткөрүлөт.
V. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун
элесинеарналган иш—чараларды өткөрүүгө талаптар
1. Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири
мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт.
2.Маркумдун элесине арналган иш—чараларды 350гө чейин адамды чакыруу менен
зыйнат өткөрүүгө уруксат берилсин.
VI. Үйлөнүү той, үй—бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы
сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш—чараларды
өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жооптуу органдар
1. Ушул жобону ишке ашыруу үчүн Талас шаарынын мэриясынын алдында жергиликтүү туруктуу комиссия түзүлөт.
2. Комиссиянын курамына Талас шаарынын мэриясынын, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн, Талас райондук шаардык билим берүү бөлүмүнүн, жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн, үй бүлөлүк медицина борборунун, Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, коомчулуктун, Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамын Талас шаарынын мэри бекитет.
— маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурат.
— каада-салттарды, салтанаттарды, үрп-адаттарды жана маркумга арналган башка
иш чараларды тартипке келтирүү маселелери боюнча мамлекеттик
органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана
коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
— турмушта жалпы кабыл алынган адеп—ахлактык ченемдерди, үрп—адаттарды жана элдик
каада—салттарды сыйлоо багытындагы баардык аракеттерди көрөт.
— үйлөнүү той, үй—бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана
маркумдун элесине арналган иш-чараларды ушул Жобонун талаптарына жана башка
ченемдик укуктук актыларга ылайык кеңири түшүндүрүү иштерин өткөрүүнү
контролдоону жүзөгө ашырат;
— үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана
маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча калктын арасында
түшүндүрүү иштерди уюштуруу;
— үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана
маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүдө мамлекеттик жана
муниципалдык органдарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана
маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча мыкты тажрыйбаларды
үгүттөө;
— үйлөнүү той, үй—бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш—чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларды аткарууну талап кылуу.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
VII. Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы
сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган
иш-чараларды өткөрүүгө талаптар
1.Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү турак үйлөрдүн аянттарында (короолорунда), жеке үйлөрдө же ресторандарда, кафелерде, ашканаларда жана үлпөт залдарында коомдук тартиптин талаптарын сактоо менен өткөрүлөт.
VIII. Ушул Жобону бузгандык үчүн жоопкерчилик
1.Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандык үчүн Аксакалдар сотунда жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
IX. Корутунду жоболор
1.Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды акыркы сапарга узатуу жана маркумдардын элесине арналган иш-чараларды ушул Жобонун талаптарын сактоо менен өткөрүүгө милдеттүү.
2.Комиссиянын чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга болот.
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845