3 АЙДА ТАЛАС ШААРЫНДА ЭМНЕ ӨЗГӨРҮҮ БОЛДУ ?
Бүгүн, 25-апрелде Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 3 айдагы жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Отурумда шаарга инвестиция тартуу, жашылдандыруу , көчө бойлорун ирээтке келтирүү, таза суу, жылуулук менен камсыздоо жана курулуш иштери боюнча алгылыктуу аракеттер белгиленди. Шаар башчысы Аскар Шабдановдун маалыматында 2022-жылдын биринчи кварталына карата Талас шаарынын экономикалык көрсөткүчтөрү жылдагыдан дурус экендиги айтылды. Долбоорлордон быйыл Талас шаарына 1000 орунду кийим тигүү цехи жана калктын аярлуу катмарына социалдык шаарча курулат. Мындан тышкары аэропорт тараптагы эски «Жеӊиш» паркынын аянтына «Этно эко комплекс» салынып, балдар ойноочу заманбап аянтча курулуп, эс алуу борборуна айланат.
КЕМЧИЛИКТЕРди жоюуга тапшырмалар берилди!
Билим берүү тармагынан бала бакча жана мектептердеги башаламандыкты ирээтке келтирүү жагы Талас шаар, райондук билим берүү бөлүмүнө эскертилди. Салык боюнча шаардын салык кызматы башкармалыгына эскертүү берилип, ККМ боюнча соода борборлоруна тегиз иш алып баруу тапшырылды. Ошондой эле баардык мекеме-уюмдарга санарип аймакка өтүүнү тездетүү эскертилип, 1-июнга чейин толук кандуу өтүү талабы коюлду. Ар бир мекемеге жана анын жетекчисине Президенттин указдарын, Министрлер кабинетинин тапшырмаларын калтырбай аткаруу жана кечиктирбөө эскертилип, талап аткарылбаса кызматтан кетүүгө чейинки катуу чаралар көрүлөрү түшүндүрүлдү.
АЛГЫЛЫКТУУ иштерден…
3 айдын ичинде «Талас жылуулук жабдуу» ишканасы мэрия менен биргеликте иш алып барып, «Кыргыз жылуулук» мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Талас шаарына жаны откана курула турган болду. Бул долбоор электр энергиясын үнөмдөп, шаардын борбордук бөлүгүндөгү бир катар мекемелерди көмүр отуну менен жылытууга өткөрөт.
ИЙГИЛИКТЕР ЖАКШЫ! БИРОК КЕМЧИЛИК ЖОК ЭМЕС!
Коллегияга КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канымет Осммонбеков катышты. Биринчи орун басар Талас шаарында быйыл жылыш бар экендигин белгилеп, шаар башчысы Аскар Шабдановго жана жалпы кызматкерлерге , жетекчилерге ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда айрым кемчиликтерди эскертип, тапшырмаларда аткарууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845