Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Чернобыль окуясына 36 жыл. Талас шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

By Administrator  Опубликовано 27.04.2022

26-апрелде Талас шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди . Эскерүү иш чарасы Талас шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун ардагерлери, курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасында Чернобыль окуясынын 36 жылдыгы , андагы оор учур жана ага катышкандар боюнча сөз болуп, көзү өтүп кеткендер эскерилди. Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов Чернобыль апаатына катышкаг шаар тургундарына ден-соолук , узун өмүр каалады. Ошондой эле жыл санап ардагерлердин саны азайып бараткандыгын белгиледи.


Эске салсак, 1986-жылы 26-апрелге караган түнү Украинанын Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, болжолу Хиросиманын күлүн көккө сапырган «Малыш» атом бомбасынан 400 эсе көп радиоактивдүү заттар айлана-чөйрөгө тараган. Чернобыль окуясы адамзат тарыхындагы үрөй учурган жана эң ири техногендик кырсык болуп калды. Бүгүнкү күндө Талас шаарында Чернобылдагы аварияны жоюуга катышкан 10 адам жашайт.


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

Биогумус жана органикалык жер семирткич өстүрүү боюнча меморандумга кол койулду."
Предыдущая запись
Талас шаарында "Этно-эко" комплексин куруу иштери кызуу жүрүп жатат.
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg