Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Без рубрики

Мекемелерди жылуулук менен камсыздоо маселеси чечилет

By Administrator  Опубликовано 30.03.2022

28-март күнү “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Талант Касымов Талас шаарына келип, мэр Аскар Шабданов жана “Талас жылуулук менен жабдуу” ишканасынын жетекчиси Ильяс Алибеков менен жолукту. Тараптар Талас шаарындагы айрым мекеме-уюмдарды көмүр отуну менен жылытууга өткөрүү боюнча сөз кылышты. Тагыраагы №2 орто мектептин жанына откана (котельный) куруу боюнча маселе каралды. Эгер откана курулуп, ишке берилсе ага Талас шаарындык мэриясы, жаш балдардын спорт мектеби (стеклянный), № 90 кесиптик лицей, Талас Мамлекеттик университетинин башкы корпусу жана Кыргызстан коммерциялык банкынын имараттары кошулуп, түздөн-түз “Талас жылуулук” ишканасы тарабынан жылытууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.Мындан тышкары борбордук сейил бакка жакын жердеги эски откананы (котельный) кайра жандандыруу маселеси каралды. Эске салсак, ал откана мурда облустук администрацияны жылытуу үчүн курулган. Азыр иштебейт. Эгер колдоого алынып, бул аймакка дагы жаңы откана курулуп калса, анда облустук администрация, музыкалык мектеп жана үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты жылытууга кошулат. Бул боюнча бүгүн шаар бийлиги менен “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери сүйлөшүп, иш алып баруу зарылдыгына токтолушту. Жакынкы арада маселенин жыйынтыгы так белгилүү болот. Жолугушууда калаа башчысы Аскар Шабданов жогоруда аталган аймактарга отканаларды куруу, шаардагы мекемелердин жылуулук көйгөйүн чечүүгө чон жардам болоорун баса белгиледи.


Оставить отзыв Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

Талас шаарынын мэриясы менен Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясындагы Шочжоу шаары менен меморандумга кол коюшту
Предыдущая запись
"Санарип Аймак" Талас шаарынын мэриясы шаар тургундарын электрондук базага өз убагында катталууга чакырат!
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg