2022-жылдын 28-декабрында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кеңсесинде төмөнкү маселелер боюнча коомдук угуу өтөт.
1. Талас шаарынын Ж. Мырзалиев көчөсү №1 “в” дарегиндеги жеке менчик жер тилкесинин чыгыш жана түштүк-батыш тарабына чектеш жайгашкан ашыкча колдонуудагы жер тилкесин чарба курулушун куруу үчүн жеке менчикке берүү боюнча;
2. Талас шаарынын И. Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “Көктөм” соода түйүнүн түндүк тарабында жайгашкан жер тилкесин соода түйүн үчүн ижарага берүү боюнча;
3. Талас шаарынын Манас көчөсү №189 көп кабаттуу турак үйүнүн түштүк тарабында жайгашкан жер тилкесин унаа токтотуучу жай (гараж) үчүн ижарага берүү боюнча;
Кошумча маалымат алуу үчүн Талас шаары К. Нуржанов көчөсү №18 дарегине кайрылсаңыздар болот.
Тел: 5-63-18; 5-55-37
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845