Көңүл буруңуздар! Талас шаарынын ичинен муниципалдык жер тилкелери аукциондун негизинде жеке менчикке берилет.
1. Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсү №242 дарегинин түштүк тарабында жайгашкан муниципалдык 293,16 м.кв ашыкча жер участогун жеке менчикке сатууга стоянка үчүн аукцион өткөрүлөт. Биринчи старттык баасы 382 000 (үч жүз сексен эки миң) сом жана Үмөт Молдо №10 дарегинин түштүк тарабында жайгашкан 119,3 м.кв ашыкча жер участогун жеке менчикке турак жай үчүн сатууга аукцион өткөрүлөт. Биринчи старттык баасы 166 000 (жүз алтымыш алты миң) сом. Аукционго катышуу үчүн арыз 2023-жылдын 8-сентябрга чейин Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгында кабыл алынат. Аукцион 2023- жылдын 12-сентябрында 14:00 дө Талас шаардык мэриясында өткөрүлөт.
2. Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсү №399 дарегинин түндүк тарабында жайгашкан муниципалдык 321,7 м.кв жер участогун жеке менчикке сатууга кошумча участок үчүн пайдаланууга аукцион өткөрүлөт. Биринчи старттык баасы 237 000 (эки жүз отуз жети миң) сом. Аукционго катышуу үчүн арыз 2023-жылдын 8-сентябрга чейин Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгында кабыл алынат.
Аукцион 2023-жылдын 12-сентябрында 14:30 дө Талас шаардык мэриясында өткөрүлөт.
Талапкерлер аукционго катышуу укугун алуу үчүн аукцион уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү бериши зарыл:
-Аукционго катышуу жөнүндөгү ниетин билдирген арыз, лоттун дарегин белгилөө менен.
-Талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ.
-Талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ.
-Адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат.
-Эскиздик долбоор, коммерциялык сунуш
-Гарантиялык акы (барымта)төлөгөнү ырастоочу төлөм документтер.
Аукционго катышууга кепилдик акча каражаты старттык баасынын 10% чейин төлөнүү шарт болуп эсептелет.
Кепилдик акча каражатын төлөөгө банктын эсеп счеттору:
1. кепилдик төгүм (э/сч.4406042200000219, төлөмдүн коду № 14511900;
2. документтердин көчүрмөсүнө пакет ( э/сч. 4406041223000253) төлөмдүн коду № 14238900;
Кошумча маалымат алуу үчүн Талас шаары .К.Нуржанов атындагы көчөсү № 18, дарегине кайрылсаныздар болот. тел.5-63-18; 5-55-37
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845