Бүгүн 9-майда Улуу Жениш майрамын белгилөө алгач “Өчпөс” отту жандыруу менен башталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков , Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, вице-мэр Мира Сейдикеримова, “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнүн уюштуруучусу Асыла Мамбеталиева Москва шаарынан алынып келген “Эскерүү отун” Талас шаарындагы сейил бактагы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгынын урматына жана Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке алып барып, андагы “Өчпөс отту” тутандырышты. Андан кийин 1000ге чейин адам катышты. Өлбөс полк жүрүшүндө катышуучулар Талас шаарынын кире беришиндеги Аркадан баштап, борбордук аянтка жакын жайгашкан сейил бакка чейин Бердике-Баатыр көчөсү менен түз барышты. Жалпы жолунан аралыгы 3 км 200 метр жолду жөө басып өтүштү. Андан соң “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Араке Арстанбеков жана Александр Филкиндин катышуусунда митинг-реквием өтүп, гүлчамбарлар коюлду. Асманга залп атылып, куран түшүрүлүп, курман болгон жоокерлер эскерилди.
Ошондой эле бул күнү ардагерлер Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата, маданияттын мыкты кызматкери Алтынай Коробаеванын «Жеңиш үнү» аттуу театрлаштырылган “Аталарга таазим” аттуу концертине катышты.
Бүгүнкү күндө Талас облусунда 3 гана ардагер калды. Алардын Кудаке Молдалиев , Александр Филкин жана Араке Арстанбеков . Белгилей кетсек, быйыл Улуу Жениш майрамына 77 жыл болду.
29-апрель күнү, «Альянс Алтын» компаниясы Талас шаарынын «Коммуналдык кызмат көрсөтүү» жана «Жашыл чарба» ишканаларынын жумушчуларына азык-түлүк салынган баштыктарды белекке берди.
10 кг ун, 5 кг кумшекер, 5 кг макарон, 5 кг күрүч, 3 литр май жана чай салынган баштыктар 29 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү. «Альянс Алтын» компаниясынын Ыйык Орозо айындагы бул көмөгүнө Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле азык-түлүккө ээ болгон жумушчулар дагы ыраазы болушуп, кубанышты.
29-апрель күнү, Талас шаарынын «Коммуналдык кызмат көрсөтүү » ишканасына 15 млн 700 миң сомго жаңы үлгүдөгү ( грейдер , погрузчик жана каток) техникалар берилди.
Аталган техникалар Талас облусун Өнүктүрүү фондусунун каражатына сатылып алынды. Муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо аракетинен облус башчысынын биринчи орун басары Канымет Осмонбеков , Талас облусун Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эмир Тыныбеков жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов кабар алып, техникалардын абалын жеринде көрүп чыгышты. Өз кезегинде мэр Аскар Шабданов эми Талас шаарындагы ички жолдорду оңдоого мүмкүнчүлүк жаралганын белгиледи . Белгилей кетсек Талас облусунун Өнүктүрүү фонду тарабынан быйыл Талас шаарында дагы бир катар долбоорлор ишке ашаары күтүлүүдө .
Аэропорт тараптагы эски Жеңиш паркынын аймагына «Этно-эко» комплексин куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Мындан тышкары аярлуу катмардагы үй-бүлөлөр үчүн «Социалдык шаарча» дагы курулуп баштады. Аталган курулуштардан Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов жана КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков кабар алып, жумуштардын кандай тартипте ишке ашып жатканын жеринде көрүп чыгышты. Ошондой эле жетекчилер Талас шаарында курулушу жүрүп жаткан башка объектилерге дагы көзөмөл жасашты.
26-апрелде Талас шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди . Эскерүү иш чарасы Талас шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун ардагерлери, курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.
Эскерүү иш-чарасында Чернобыль окуясынын 36 жылдыгы , андагы оор учур жана ага катышкандар боюнча сөз болуп, көзү өтүп кеткендер эскерилди. Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов Чернобыль апаатына катышкаг шаар тургундарына ден-соолук , узун өмүр каалады. Ошондой эле жыл санап ардагерлердин саны азайып бараткандыгын белгиледи.
Эске салсак, 1986-жылы 26-апрелге караган түнү Украинанын Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, болжолу Хиросиманын күлүн көккө сапырган «Малыш» атом бомбасынан 400 эсе көп радиоактивдүү заттар айлана-чөйрөгө тараган. Чернобыль окуясы адамзат тарыхындагы үрөй учурган жана эң ири техногендик кырсык болуп калды. Бүгүнкү күндө Талас шаарында Чернобылдагы аварияны жоюуга катышкан 10 адам жашайт.
Био-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору — Искендербек Айдаралиев менен калаа башчысы Аскар Шабданов » Биогумус жана органикалык жер семирткич өстүрүү боюнча меморандумга кол койулду.»
3 АЙДА ТАЛАС ШААРЫНДА ЭМНЕ ӨЗГӨРҮҮ БОЛДУ ?
Бүгүн, 25-апрелде Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 3 айдагы жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Отурумда шаарга инвестиция тартуу, жашылдандыруу , көчө бойлорун ирээтке келтирүү, таза суу, жылуулук менен камсыздоо жана курулуш иштери боюнча алгылыктуу аракеттер белгиленди. Шаар башчысы Аскар Шабдановдун маалыматында 2022-жылдын биринчи кварталына карата Талас шаарынын экономикалык көрсөткүчтөрү жылдагыдан дурус экендиги айтылды. Долбоорлордон быйыл Талас шаарына 1000 орунду кийим тигүү цехи жана калктын аярлуу катмарына социалдык шаарча курулат. Мындан тышкары аэропорт тараптагы эски «Жеӊиш» паркынын аянтына «Этно эко комплекс» салынып, балдар ойноочу заманбап аянтча курулуп, эс алуу борборуна айланат.
КЕМЧИЛИКТЕРди жоюуга тапшырмалар берилди!
Билим берүү тармагынан бала бакча жана мектептердеги башаламандыкты ирээтке келтирүү жагы Талас шаар, райондук билим берүү бөлүмүнө эскертилди. Салык боюнча шаардын салык кызматы башкармалыгына эскертүү берилип, ККМ боюнча соода борборлоруна тегиз иш алып баруу тапшырылды. Ошондой эле баардык мекеме-уюмдарга санарип аймакка өтүүнү тездетүү эскертилип, 1-июнга чейин толук кандуу өтүү талабы коюлду. Ар бир мекемеге жана анын жетекчисине Президенттин указдарын, Министрлер кабинетинин тапшырмаларын калтырбай аткаруу жана кечиктирбөө эскертилип, талап аткарылбаса кызматтан кетүүгө чейинки катуу чаралар көрүлөрү түшүндүрүлдү.
АЛГЫЛЫКТУУ иштерден…
3 айдын ичинде «Талас жылуулук жабдуу» ишканасы мэрия менен биргеликте иш алып барып, «Кыргыз жылуулук» мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Талас шаарына жаны откана курула турган болду. Бул долбоор электр энергиясын үнөмдөп, шаардын борбордук бөлүгүндөгү бир катар мекемелерди көмүр отуну менен жылытууга өткөрөт.
ИЙГИЛИКТЕР ЖАКШЫ! БИРОК КЕМЧИЛИК ЖОК ЭМЕС!
Коллегияга КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канымет Осммонбеков катышты. Биринчи орун басар Талас шаарында быйыл жылыш бар экендигин белгилеп, шаар башчысы Аскар Шабдановго жана жалпы кызматкерлерге , жетекчилерге ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда айрым кемчиликтерди эскертип, тапшырмаларда аткарууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
2022-жылдын 21-апрелинде Талас шаарынын мэриясында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын өкүлдөрү тарабынан, Талас райондук бириккен аскер комиссариатынын, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас шаардык бөлүм жетекчилеринин катышуусунда, Талас шаарынын аймакты коргонуу, өз ара аркетенүү жана резервдик рота багытында, жергиликтүү органдарынын башчыларына окутуу болуп өттү.
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845