Бүгүн 5-март күнү Талас шаардык мэриясынын жыйындар залында «Жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык электрондук паспорту» модулун толтуруу боюнча атайын окутуу өткөрүлдү. Окутууда калкты социалдык жактан тейлөө багытында иш жүргүзгөн кызматкерлерге «Санарип аймак» тутумундагы «Жакыр үй-бүлөлөрдүн электрондук социалдык паспорту» модулун туура ,так толтуруу жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, модуль жарандардын жана үй-бүлөлөрдүн социалдык жактан аз камсыз болгон категориялары жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана каттоо, ошондой эле субсидияларды жана социалдык төлөмдөрдү эсептөө үчүн иштелип чыккан. Муну менен социалдык коргоо органдарынын адистери улгайган адамдарды, майыптарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо жаатындагы маалыматтарды автоматташтыруу аркылуу өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Окутуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын көмөгү , Эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Талас шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү.