Талас шаардык мэриясы тарабынан шаардагы аз камсыз, жардамга муктаж үй бүлөлөргө камкордуктар көрүлүүдө.
Жакында кыштын келишине байланыштуу шаарыбыздагы жардамга муктаж жарандарга көмүр отунунан жардамдар берилди. Бул тууралуу шаар мэри Айдарбек Джузупбеков буларды маалымдады. Көмүр үчүн жергиликтүү бюджеттен жыл сайын акча каражаты каралат. Быйыл социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан тизмеси такталган 57 аз камсыз, жардамга муктаж үй бүлөлөргө 6 каптан, жалпы 300 килограммдан көмүр таратылды . Шаардык мэриянын кызматкерлери көмүрлөрдү үй үйлөрүнө жеткизип беришти.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Золиндин жубайы Зинаида Золина, бул мага биринчи жолу берилип жаткан жардам эмес. Жыл сайын мэрия тарабынан жардам берилип, карылар күнүндө мэр Айдарбек Джузупбеков өзү келип куттуктап турат. Мен ыраазымын, маркум жолдошум тирүү кезинде көп жардамдарды алганбыз, —деп шаардык мэриянын иштерине ийгилик каалады.