Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
Мероприятия  ·  События

Открытие детского сада

By admin_iprofi  Опубликовано 06.09.2019

Жакында Талас шаарынын тургундарын кубантып, көңүлдөрүн көкөлөткөн жакшы жаңылык болду. Көргөндүн көз жоосун алган, 170 орундуу заңгыраган заманбап бала -бакча курулуп бүттү. Шаарыбыздын турмушундагы мындай олуттуу окуяга арналган салтанатка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Талас шаарынын мэри Айдарбек Джузупбеков, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адыл Жусупбеков, “Газпром- Азия” компаниясынын Башкы директору, бала бакча курулушунун демөөрчүсү Болот Абилдаев, КР Өкмөтүнүн Талас областындагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев, шаардык мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Previous
Next
Жаңы бала бакчанын айлана-тегереги бул күнү өзгөчө кооз, шаңдуу. Эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдыгына карабастан музыка коштогон майрамдык маанай адамдарга кубаныч менен кошо үмүт, келечекке ишеним тартуулагандай болду. Майрам болбогондо эмне? Бул чыныгы жакшылык, чыныгы майрам. Кубанычтуу күндүн жакшылыгына ортоктош болом деп келген конокторду кыргыздын ай чырайлуу кыздары нан- туз менен сылык- сыпайы тозуп алышканы да сүйкүмдүү сезилет… Дүйнө жүзүн дүрбөткөн вирусту ылаңдын кесепети менен мындай салтанаттар сээлдей түшкөндөгү бул жакшы окуя бизди жакшылыкты өзгөчө барктап, ынтымактын күчүн, зарылдыгын жүрөгүбүздөн өткөрүүгө үндөп тургансыйт… Салтанаттын расмий ачылышында Талас шаарынын мэри Айдарбек Джузупбеков — бул жаңылык чоң кубаныч жаратканын белгиледи. Элибиздин чыгаан инсаны Болот Абилдаевдин жеке демилгеси, каражаты менен курулган бул бала бакча дүйнөлүк стандартка жооп берет. Жалпысынан 93 миллион сом сарпталып, учурдун бардык талаптарына жооп бере турган деңгээлде курулган бала-бакча шаарыбыздын көркүн ачат деп ишенем. Ошондуктан, мындай жөрөлгөнүн баалуулугун эске алып, бала бакчага демөөрчүбүздүн атасы Ералхан Абилдаевдин ысымын ыйгардык. -Келечек муундарга арналып курулган бала бакчанын мааниси чоң. “Билимдүүгө -дүйнө жарык”, – демекчи ушул бала бакчадан кыргыздын атын ааламга тааныткан балдар тарбияланып чыксын,- деп тилек кылалы,- деди Айбек Бузурманкулов. Сиз, урматтуу Болот Ералханович, ошол балдардын алгачкы баскычы болгон билим уясын түптөп берүүгө эбегейсиз чоң салым коштуңуз. Ылайым Сизди кудай колдоп, ишиңиз ийгиликтүү болсун. Элге болгон ак кызматыңыздын үзүрүн көрүңүз. Андан кийин област жетекчиси: Бала бакчабыз ак жолтой болсун!, –деп Болот Абилдаевге “Талас областынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарды. Дастан Жумабеков көп аракет менен аткарылган иштин алгачкы кадамдары менен куттуктап, Талас элине жаркын жашоо, өнүгүү, биримдик, ынтымак жана бейпилдик каалады. Эл үчүн жасалган демилгенин маанисин белгиледи. Адыл Жусупбеков, куттуктоо сөзү менен кошо демөөрчү Болот Абилдаевге Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарды. Мүнүр Мамбеталиев демөөрчү уулубуздун атасы Ералхан Абилдаевдин басып өткөн жолуна токтолуп, Болот атасынан кем болгон жок, ашса – ашты,- деген ниетин билдирди. Болот Абилдаевге “Манас руху” нарк- насил коомдук бирикмесинин алтын медалын тапшырды.

Детский образовательный центр
Предыдущая запись
Раздача угля малообеспеченным семьям
Следующая запись

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg