Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун улук тобундагы кызмат орунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Талас шаарынын мэриясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;
Административдик муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
Кесиптик билимдин деңгээли:
Юриспруденция боюнча жогорку кесиптик билими.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
билгичтиги:
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө
тиркелип тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн ичинде саат 9:30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18 (уюштуруу бөлүмү)
Байланыш телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845