Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун кенже тобундагы кызмат орунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Талас шаарынын мэриясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.
Административдик муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
Административдик муниципалдык кенже кызмат орунуна негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
Административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу
(Социалдык маселелер боюнча адис)
Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, социалдык жана гуманитардык илимдер, маданият жана искусство, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку кесиптик же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим.
-иш стажы жана тажрыйбасы боюнча талаптар коюлбайт.
төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
билгичтиги:
көндүмдөрү:
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө
тиркелип тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке саат 9:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн ичинде 2023-жылдын 31-октябрынан тартып 2023-жылдын 14-ноябрына чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18
Байланыш телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845