(1956-2021)
Өлкөбүздүн билим берүү тармагы орду толгус жоготууга учурады СССРдин билим берүүсүнүн отличниги, Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси Керимбаев Байыш Жеенбекович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Керимбаев Байыш Жеенбекович Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ташкудук айылында 1956-жылы 22-мартта туулган. Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебин 1973-жылы ийгиликтүү аяктап, Пржевалский мамлекеттик педагогикалык институтунун математика адистигине 1977-жылы ээ болгон.
1977-1979-жылдары Талас районундагы Нылды айылындагы сегиз жылдык мектебинде математика мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1979-жылдан 1989-жылга чейин Ленинполь орто мектебинин мугалими, Чалдыбар мектеп-интернатында директордун орун басары, 1989-1992-жылдары Талас райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, усулкана башчысы, 1996-2000-жылдары Талас мамлекеттик университетинин чарба иштери боюнча ректордун орун басары, 2003-2006-жылдары педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу борборунун жана «Бектур агай» лицейинин директору, 2006-2007-жылдары Талас облустук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчи, 2007-2009-жылдары Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси, 2009-2016-жылдары Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенген.
Байыш Жеенбекович өзүнүн ишмердүүлүгүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана жалпы билим берүүчү орто мектептерде заманбап билим берүү технологияларынын элементтерин колдонуу менен билим берүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн талыкпаган эмгектерди жасаган.
Жаш муундарга тарбия берүүдө кыргыз элинин элдик оозеки чыгармаларынын натыйжалуулугун арттыруу максатында бардык билим берүү мекемелеринде Байыш Жеенбековичтин демилгеси менен ар аптанын жума күндөрү «Манас күнү» катары белгиленип баштаган. Бул демилгени жайылтуу максатында облустук, 2011-жылы республикалык деңгээлде семинарлар өткөрүлүп, «Манас күнүн» өткөрүү, Манас эпосун даңазалоо иштерин республикабызда жайылтуу иштери жүргүзүлгөн.
Акыркы беш жылдын ичинде Байыш Жеенбековичтин жетекчилиги менен билим берүү бөлүмү мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин эмгек жамаатынын иш аракеттеринин натыйжасында ата-энелердин жана коомчулуктун билим берүү тармагынын иш аракетин жакындан тааныштыруу максатында «Ата-энелер өрнөк болушат» программасын ишке киргизип, бүгүнкү күндө да Талас шаарынын жана Талас районунун билим берүү мекемелерине бул программа кеңири жайылтылууда.
Байыш Жеенбекович өзгөчө билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн көңүл бөлгөн. Талас шаарындагы жана Талас районундагы жергиликтүү бийлик органдары менен түздөн түз иш алып баруунун натыйжасында акыркы жылдары 10 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул мекемелердин биринде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү билим берүү тайпасы ачылып иштеп жатат. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жыл сайын эски имараттар капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп, жаңы кошумча имараттар курулуп жатат.
2014-2018-жылдардын аралыгында билим берүү бөлүмү Талас облусундагы «Мыкты билим берүү бөлүмү» болуп таанылды.
Билим берүү тармагындагы жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу көп жылдык эмгектери үчүн Байыш Жеенбекович бир нече сыйлыктарга татыктуу болгон: Билим берүү тармагындагы жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу көп жылдык эмгектери үчүн Байыш Жеенбекович бир нече мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон: 1984-жылы ССРдин агартуусунун Ардак грамотасы, 1986-жылы ССРдин агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн мыктысы», СССРдин «Билим берүүнүн мыктысы» (1986-ж) Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин «Профсоюз кыймылынын мыктысы» төш белгиси (2015-ж), Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын ардак грамотасы (2010-ж), Талас облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2012-ж), «Талас шаарынын ардактуу атуулу» наамы (2012-ж), «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы (2019-ж) жана башка ушул сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон.
Облустун билим берүү тармагы Байыш Жеенбековичтин жаркын элесин түбөлүккө эсинде сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, азасын теӊ бөлүшөт.
Талас шаарынын мэриясынын жамааты, Талас шаардык депутаттардын кеӊешинин эмгек жамааты , Талас шаардык мекеме-уюмдардын жамааттары.
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845