Новый

фывапролд

укенготим апнроить

Талас өрөөнү ошол мезгилдерде мамлекеттик башкаруу стратегияларында өзгөчө маанилүү аймак болгон. Элибиздин улуу «Манас» эпосунда айтылгандай Тибет, Эрен, Орол, Энесай аймактарын камтыган зор мамлекетти орноткон Манас атабыздын хан ордосу Талас жергесинде жайгашышы бекеринен эместигин баамдоого болот. «Таарынсаң Таласка бар» деген кыргыз элинин лакаб кебинин төркүнү, акимдик башкаруучулук маселелер Таластан чечилгенин маалымдап турбасын деген ой келет. Борбордук Азиядагы таасирди талашкан Арабдар менен Кытайлардын 751-жылдагы согушу Талас суусуна жакын Атлах шаарынын тушунда болгондугу маалым. Эки тарапты тең катуу алсыратып, баскынчылык тилектеринен баш тарттырууга мажбур кылган бул кызыл кыргын тарыхка «Талас согушу» деген ат менен кирген. Кийинки моңгол мезгилинде, Чынгыз хандын укум-тукумдары (Үгөдөй жана Чагатай улустары) бийлик талашын 1269-жылы Талас суусунун боюнда өткөн курултайда чечишкен.

Тарыхый булактарда Талас өрөөнү шаарлардын жылдызы деп аталган. Өрөөндөн VI—XIV кылымдарга тиешелүү төрт шаардын 50дөн ашык калк жашаган пункттардын калдыктары табылган. Таластагы шаарлар бийик дубалдар менен курчалып, кооз колонналары, мунаралары, сепилдери менен көркүнө чыгып турган. Атлах (Жоон-Дөбө шаар чалдыбары), Шелжи (Чоң-Капка суу сактагычынын астында калган шаар чалдыбары), Күл (Орловка шаар чалдыбары), Сус (Чалдыбар айылындагы шаар чалдыбары), Текабкет (Ак-Дөбө шаар чалдыбары) шаарларында күмүш, коргошун кендери иштелип, тыйын чыгарылган, кол өнөрчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Археологиялык казууларда Текабкет шаары негизинен азыркы Талас шаарынын ордунда жайгашып, 14 км квадрат жерди ээлеп, калкынын саны 10 миңден ашкандыгы аныкталган. Борбордук бөлүгү Талас суусунун күңгөй бетинде жайгашкан. Элибиз бүгүн ал жерди Ак-Дөбө деп атайт. Азыркы күндө да дөмпөйгөн дөбөлөрдүн беттеринен эзелки бийик дубалдардын жүлгөсүн баамдоого болот.

Археологдордун айтымында (Б.С.Береналиев «Талас-XV кылымдагы шаар», «Ленин туусу») Текабкет тегерете курчалган эки чеп дубалдан турган. Биринчи чеп дубал 200 гектар аянтты ээлеп, шаардын борбордук бөлүгүн курчаган. Дубалдарынын бийиктиги 5 метрге, туурасы 8 метрге жеткен деп божомолдонот. Бул чоң сепилдин ичинде ак сөөктөрдүн, соодагерлердин турак жайлары жайгашкан. Калган карапайым калк сепилдин тышындагы турак жайларда турушкан.

Шаар эли көбөйүп, курулуш-жайлар кеңейгенде, экинчи сепил тургузулган. Бул VIII—XV кылымдарды ичине камтыйт. Анын аянты 1500 гектарга жетип, Талас дарыясынын өйүз-бүйүз жээктерин ээлеген. Азыркы Талас шаары ээлеген аянттар туташ сепилдин ичинде болгон. Экинчи сепилдин бийиктиги 5-6 метрди, туурасы 8-10 метрди түзгөн. Бул сепилдин жал сымал үзүндүгө айланган калдыктары кийинки жылдарга чейин сакталган. Жергиликтүү эл мындай жерлерди «жал» деп атаган. Археологдордун аныктамасы боюнча ал Талас аэропортунун учуу аянтынын четинен батыштан чыгышты көздөй созулган дөңсөө. Убагында бул чеп дубал Беш-Ташдарыясынан өтүп, Алтыбайдын сазын жээктеп, Талас дарыясын кесип өтүп, Ак-Дөбөгө жеткен. Сепилдин экинчи ныптасы аэропорттон батышты көздөй кетип, Пушкин атындагы көчөнүн орду менен жүрүп, Талас ооруканасы жайгашкан жерден өтүп, Талас дарыясына чейин жеткен. Урандыларды казуу учурунда орого көмүлгөн дан эгиндеринин мол корлору табылган. Тарыхый булактарда Таластын шаарлары мөмө-жемиштүү, бак-шактуу аянттар менен көркүнө чыккандыгы маалымдалган. Демек, дыйканчылык жана багбанчылык жасалып, калаанын калкын баккан аянттарды душмандын кыйратуучу чабуулунан коргоо үчүн тегерете зор аянтты ээлеген сепил тургузууга мажбур болушкан.
Тарыхый булактарда Талас өрөөнү шаарлардын жылдызы деп аталган. Өрөөндөн VI—XIV кылымдарга тиешелүү төрт шаардын 50дөн ашык калк жашаган пункттардын калдыктары табылган. Таластагы шаарлар бийик дубалдар менен курчалып, кооз колонналары, мунаралары, сепилдери менен көркүнө чыгып турган. Атлах (Жоон-Дөбө шаар чалдыбары), Шелжи (Чоң-Капка суу сактагычынын астында калган шаар чалдыбары), Күл (Орловка шаар чалдыбары), Сус (Чалдыбар айылындагы шаар чалдыбары), Текабкет (Ак-Дөбө шаар чалдыбары) шаарларында күмүш, коргошун кендери иштелип, тыйын чыгарылган, кол өнөрчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Археологиялык казууларда Текабкет шаары негизинен азыркы Талас шаарынын ордунда жайгашып, 14 км квадрат жерди ээлеп, калкынын саны 10 миңден ашкандыгы аныкталган. Борбордук бөлүгү Талас суусунун күңгөй бетинде жайгашкан. Элибиз бүгүн ал жерди Ак-Дөбө деп атайт. Азыркы күндө да дөмпөйгөн дөбөлөрдүн беттеринен эзелки бийик дубалдардын жүлгөсүн баамдоого болот.
Археологиялык казууларда кооздоп курулган турак жайлардын, мончолордун, суу жүргүчтөрдүн, тоо-кен байлыктарын эритип иштеткен мештердин орду металлдан, жыгачтан, чоподон, айнектен жасалган түрдүү буюм-тайымдар, аялдардын жасалгалары табылган. Имараттардын дубалдарын кооз оймо-чиймелер менен көркөмдөп жасалгалашкан. Бөлмөлөрдүн таманына 40x30x6 см көлөмүндөгү бышырылган кыштарды кынап жаткырышкан. Бөлмөрдүн орточо аянты 50 чарчы кв метрди түзгөн. Дубалдардын бийиктиги 5 метр, туурасы 2 метр болгон. Дубалдарды тургузууга 46x23x12 см метр көлөмдөгү чийки кыштар пайдаланылган. Узундугу 51 см, диаметри 12 см келген, биринчи учуна Караганда экинчи учу 2-3 см кичине келген карапа түтүктөрдү бири-бирине кийиштирип, жерди 80 см тереңдикте казып жаткырып, өзөн-сайлардан куюлган сууларга алып барып такап, шаар ичине суу алып келишкен.

Юрта

Археологиялык табылгалар Текабкет шаары Х-ХМ кылымдарда экономикалык-маданий жактан дүркүрөп өскөндүгүн кабарлайт. Тарыхчылардын аныктамаларына Караганда шаарда XIV-кылымга чейин жашоо-тиричилик өкүм сүрүп турган.

Монгол-татарлардын кыяпандуу баскынчылык чабуулдарынан, андан кийинки кыйсыпырлуу согуштардын айынан күлү көккө сапырылып, талкаланып жок болгон. Текабкет эле эмес Борбор Азиядагы тарыхта белгилүү болгон көптөгөн шаарлардын тагдыры мына ушундай аянычтуу болгон- дугу маалым. XVI—XVII кылымдарда Талас аркылуу өтүшкөн саякатчылар өрөөндөн талкаланып, ээн калган шаарлардын урандыларын көргөндүгүн жазып калтырышкан.

Талкаланып жашоосун токтоткон шаарлардын жака-белинде тиричилик улана бергендиги археологиялык изилдөөлөрдө аныкталган. Талас шаарынын Карл-Маркс, Дзержинский, Фрунзе атындагы, 1-Май көчөлөрүндө жайгашкан аралыктардан элибиздин Х\Л1-Х\Л11 кылымдардагы жашоо-шарттарына тиешелүү болгон турак жайлар, тирилик буюмдары табылган.

XVIII-кылымдыни аягында ХХ-кылымдынбашында талкаланып жок болуп кеткен Текабкет шаардын ордунда Ак-Чий деп аталган кыштакча пайда болгон.

1864-жылы Кыргызстан Россияга каратылгандан кийин падыша өкмөтү Россиянын борбордук бөлүгүнөн дыйкандарды Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарына көчүрүү саясатын жүргүзүүгө өткөн. 1874-жылы Воронеж губерниясынын Богучарск уездиндеги Купенка айылынан 12 дыйкан үй-бүлө көчүп келип, Ак-Чийге отурукташкан. (Талас областынын энциклопедиясы, Б., 1995.) Апар Талас шаарынын Ленин көчөсүндөгү №307 үйдөн жогору карай жайгашкандыгы маалым. Алгач жер тамдарды казып кирип жашашкан. Кийин үй кура башташкан. 1877-жылы өрөөндөгү эң алгачкы айыл — Ак-Чий официалдуу каттоодон өткөн. Айылдагы курулган үйлөрдүн саны 50ден ашканда 1889-жылы чиркөө курула баштаган. Ак-Чийде чиркөөнүн курулушу үчүн кышты кыштактын чыгыш тараптагы четине бышырышкан. Ушул жылы анын астында бир класстын чиркөө-приход мектеби ачылат. Аны М.М.Густев уюштурган. Бул адам Ташкендик археолог жолдошу А.Каллаур менен бирге Айыртам-Ой, Кулан-Сай, Терек-Сай шаар урандыларынан орхон-энесай жазууларын табышкан

Мектептеги окуучулардын саны үч жылда 40ка жеткен. М.М.Густев менен бирге анын аялы М.М.Густева мектепте окугандарга сабак бере баштаган. Чиркөө- приход мектебинде окуган кыргыз балдары да болгон. Кыргыздын эң алгачкы агартуучуларынын бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Абжалбек Чолпонкулов алгач мына ушул мектептен билим алган. 1891 -жылы чиркөө бүткөрүлүп, ал ыйык Дмитрииге арналган. Мына ошондон баштап, айыл Дмитревка деп атала баштаган. 1902-жылы Дмитревкада дагы бир орус жергиликтүү мектеби ачылган. Бул мектепте 15 бала билим алган. Алар негизинен кыргыз байларынын балдары болушкан. 1912-жылы чиркөө-приход мектеби 4 жылдык приход окуу жайына айланган.

Россиядан дыйкандардын экинчи толкуну 1912-жылы көчүп келген. Улуу Октябрь революциясынын астында Дмитревкада 120 үйдөн турган үч көчө пайда болгон. Алар чоң көчө (азыркы Ленин атындагы көчө), Орто көчө (Азыркы Фрунзе көчөсү) жана сырткы көчө деп аталган. Улуу Октябрь революциясынын астында калкынын саны 1500гө жеткен. 1925-жылы «Тартип» жер шериктештиги коому түзүлгөн. 1929-жылы анын базасында Ленин атындагы колхоз уюштурулган. Колхоз 80 үйдөн турган. 1927-жылы айылда кечме кино пайда болгон. Ушул эле жылдын 7-ноябрында алгачкы 10 электр лампасы күйгөн.

1944-жылы 22-июнда Талас областы уюштурулгандыгына байланыштуу Дмитревка айылына шаардын жана областтын борборунун статусу берилип, Талас шаары деп аталган. Бүгүн өсүп-өнүгүп жаткан областыбыздын ордо калаасынын өткөн тарыхы мына ушундай