Close
  • +996 3422 53845
  • meriyatalas@gmail.com
  • Пн-Пт 8:00 - 16:00
Facebook
Instagram

Мэрия города Талас

  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU
  • История города
  • Руководство мэрии
  • Вакансии
  • Контакты
  • kk
  • ru_RU

Положение об УМС г.Талас

Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор
2. Негизги милдеттер жана функциялар
3. Башкармалыктын укуктары
4. Башкармалыктын жетекчилиги жана түзүмү

5. Башкармалыктын мүлкү
6. Эмгек мамилелери
7. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу

Скачать

1. Жалпы жоболор

  1. «Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы», мындан ары «Башкармалык» деп аталуучу, Талас шаарында муниципалдык менчик объекттерди жана жерлерди башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Талас шаарынын мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында, Талас шаарында менчиктештирүү, жер мамилелерди экономикалык- укуктук жактан жөнгө салуу чөйрөсүндө муниципалдык саясат жүргүзүүнү камсыз кыла турган Талас шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
  2. Башкармалык — «Мекеме» деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча балансы, бюджеттик эсептешүү счеттору, адистештирилген эсептешүү счеттору, казыначылык органдарда депозиттик счету, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн муниципалдык орган болуп саналып, штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттары бар, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.
  3. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктук чектеринде Талас шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Талас шаарынын мэринин токтомдоруна жана буйруктарына жана бул жобого ылайык иш жүргүзөт.
  4. Башкармалык Талас шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.
  5. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
  6. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Башкармалыктын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы болбогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.
  7. Башкармалык белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
  8. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана бул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
  9. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана катыша алат.
  10. Башкармалыктын расмий аталышы:
    — кыргыз тилинде: «Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы».
    — орус тилинде: «Управление муниципальной собственности города Талас».
  11. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 427200, Талас шаары, К.Нуржанов №18.
  12. Башкармалыктын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүлеринин кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.
  13. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Талас шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
  14. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Талас шаарынын мэриясына отчет берет.
  15. Талас шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
  16. Депутаттардын Талас шаардык кеңеши муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.

  1. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:

а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Талас шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Талас шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүүгө;

б) Талас шаарынын мэриясынын макулдугу боюнча мүлктү Талас шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;

в) Башкармалыктын жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш — чараларды ишке ашырууга;

г) Талас шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу — укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катарында Талас шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;

е) муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырууга;

п) Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларда, мекемелерде жана муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик — укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;

ж) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын табылган мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доо арызын берет, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөт;

з) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер мыйзамын, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан ордун, берүү шарттарын, берүү мөөнөттөрүн, функционалдык багытын жана берилген жер участоктун аянты бөлүгү боюнча бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүгө;

и) сот органдарында Талас шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого.

й) Талас шаарынын мэриясына жана Талас шаардык кеңешке жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу пайдаланбоо, жер участокторун жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Талас шаарынын мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө жана шартарда пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизет жана макулдуктун негизинде кайра кайтаруу боюнча мызамдын чегинде иш жүргүзөт.

к) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, объекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндө өтүнүүгө.

л) ички иштер органдарына жер мыйзамдарын бузуучулары табылган учурда, административдик жана жазалоо иш — аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга.

м) жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;

н) жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш — чараларды аткарууну текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.

  1. Башкармалык бул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.
  2. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
  3. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.

4. Башкармалыктын жетекчилиги жана түзүмү

  1. Башкармалык Талас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
  2. Талас шаарынын мэри Башкармалыктын жетекчисинин кызматына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте конкурстук негизде кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот.

 а) Талас шаарынын мэри башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат, башкармалыктын штаттык расписаниесин бекитүүнү жүзөгө ашырат.

  1. Жетекчи башкармалыктын жетекчиси болуп саналат.
  2. Жетекчи башкармалыктын иш-аракети үчүн жоопкерчилик алат жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:

а) Башкармалыктын атынан ишеним катсыз иштейт, аны мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда көрсөтөт;

б) Талас шаарынын мэриясынын буйруктарын жана токтомдорун аткаруу үчүн башкармалыктын компетенциясынын чектеринде буйруктарды, ишканаларга, мекемелерге жана башка уюмдарга аткарууга милдеттүү болгон башка буйруктарды, башкармалыктын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү түрдө башкармалыктын иш — аракетин жөнгө салуу маселелери боюнча бөлүштүрүү документтерди чыгарат;

в) өзүнүн кызматкерлеринин компетенцияларын аныктайт;

г) Башкармалыктын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;

д) Башкармалыкта муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди мыйзамдарга ылайык, анын ичинде: кадрдык резервди түзүүнү, башкармалыктын кадрларын тандап алууну, туура жайгаштырууну, кайтадан даярдоону жана алардын квалификацияларын жогорулатууну, белгиленген учурларда аттестацияны, квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү, кызмат акысына кошумча акы белгилөөнү чечет;

е) Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;

ю) Башкармалыктын кызматтык нускамаларын бекитет жана бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин иш — аракеттерин контролдоону жүзөгө ашырат;

ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот, аларды жазалайт;

з) Башкармалыктын кызматкерлерин жана жумушчуларын укуктук жана социалдык коргоо маселелерин өзүнүн компетенциясынын чектеринде чечет;

и) Башкармалыктын кызматкерлерин иш сапарга жиберүү маселелерин белгиленген тартипте чечет;

й) Башкармалыкка бекитилген мүлктү жана каражаттарды мыйзамдарга ылайык тескейт;

к) банктарда счетторду ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансы документтерге кол коет, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;

л) соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде, тынчтык макулдашуусун түзүү жана кайрадан ачылган кырдаалдар боюнча арыздарды берүү укугун колдонот.

  1. Башкармалыктын кызматкерлери функционалдык милдеттеринде жана башкармалыктын жетекчисинин буйруктарында белгиленген ыйгарым укуктун чектеринде иш жүргүзөт, алар төмөнкү укуктарга ээ:

а) Башкармалыктын кызыкчылыктарына тийиштүү иш — аракеттерди кылат, келишимдерди түзөт, ижара акыларды эсептөөнү бекитет;

б) соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашуусун түзүү укугун колдонот;

в) ижара, чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкаруу, мөөнөтүү акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү келишимдерин түзөт.

5. Башкармалыктын мүлкү

  1. Башкармалыктын мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстар (интеллектуалдык менчиктин объекттери кошо) түзөт.
  2. Башкармалыктын иш-аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жана адистештирилген счеттон, ошондой эле муниципалдык менчикти сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүгүнүн эсебинен Талас шаардык кеңеш тарабынан бекитилген өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
  3. Башкармалык бухгалтердик жана статистикалык отчет иштерди белгиленген тартипте жана белгиленген мөөнөттөрдө берет. Башкармалыктын иш — аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык ушул укук берилген уюмдар жүзөгө ашырат.
  4. Жыл сайын депутаттардын Талас шаардык кеңешине муниципалдык мүлктү жана жерлерди пайдалануу жөнүндө отчет берет.

6. Эмгек мамилелери

  1. Башкармалык кызматчылардын квалификациялуу курамын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматчылардын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салышат.
  2. Башкармалык иштеринин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандардын мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык — укуктук келишимдеринин негизинде тартуу укугуна ээ.
  3. Башкармалыктын кызматчыларынын (кызматкерлеринин) иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.

7. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу

  1. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан киргизилет.
  2. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте ишке ашырылат.
  3. Башкармалыктын иш — аракетин токтотуу Талас шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
  4. Башкармалыкты жоюу башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген Талас шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
  5. Жоюучу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
  6. Юридикалык жактар мамлекеттик реестрге бул жөнүндө жазууларды киргизгенден кийин жоюу аяктады болуп эсептелинет.
  7. Башкармалык жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
  8. Башкармалыктын иш — аракети процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

О Мэрии

Офиациальный сайт мэрии города Талас

Facebook

Меню

Главная
История города
Галерея
Контакты

Информация

Руководство
Муниципальные предприятия
Отчеты
Тарифы

Адрес

Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845

Copyright 2020 Все права защищены | Сайт разработан iProfi.kg