Талас шаарынын мэриясы жарыялайт!
1. Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы №307 токтомунун Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу Жобого ылайык жарандык коомдун өкүлдөрүн комиссияга кошуу үчүн жарыя берет.
Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн комиссияга мүчө болуп төмөнкүлөр кире алат:
1) Турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлугү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле башка социалдык опурталдуу топтордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон уюмдардын өкүлдөрү;
2) Кесиптик жана академиялык ассоциациялардын жана бирликтердин өкүлдөрү;
3) Ассоциацияланган уюмдар аркылуу көрсөтүлгөн калктын аярлуу катмарынын абалын жакшыртуу маселеси менен алектенген турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле башка социалдык опурталдуу топтордун кызыкчылыктарын коргогон көз карандысыз эксперттер;
4) калктын аярлуу катмарларын социалдык коргоо чөйрөсүндө иштеген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.
2. Жарандык коомдун өкүлдөрү төмөнкү критерийлерге жооп бериш керек:
-Талас шаарынын аймагында жашоосу керек.
-Өз ишмердүүлүгүн акыркы 3 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүшү керек;
-ырастоочу документтер;
-өнөктөштөрдүн арасында иши боюнча беделдүү болуу (экиден кем эмес өнөктөштөрдүн сунуштоосу);
-жоюулуу же кайра уюштуруу процессинде болбогон.
3. Кайрылуу жери жана мөөнөтү:
Талас шаарынын мэриясы, 2023-жылдын 28-августтан 15-сентябрга чейин.
11. Маалымат же түшүндүрмө сурап кайрылуу үчүн Талас шаарынын мэриясынын жооптуу адамы менен байланышуу жолдору:
Кошоманова Самара Эсенбековна – башкы адис 0704960096, 0-3422-5-21-65
e-mail: socialsector@mail.ru meriatalas@gmail.com
Талас шаарынын мэриясы
Кыргызская Республика
Таласская область, г. Талас
аллея К.Нуржанова №18
E-mail: meriyatalas@gmail.com
Тел.: +996 3422 53845